«Боинг-747нин» кыйрашы: Маморгандар түрк компаниясынын кунунан 30 млн сом алышат

Каржы министрлиги Бишкектин жанындагы Дача-СУ кыштагына кыйраган учакка ээлик кылган түрк компаниясынын кунунан мекемелерге 30 млн сом төлөп берет. Каражаттар учактын кыйрашынын кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеген органдардын эсебине которулат.

Эң эле көп сарпталган каражаттардын ордун толтурууну Саламаттык сактоо министрлиги алат — 20,4 млн сом, ӨКМге 9,4 млн сом которулат. ИИМдин бюджетине 284 миң сом түшөт, Транспорт министрлигине 293 миң сом которулат, ошондой эле, 100 миң сом Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө төлөнүп берилет.

Өкмөт түрк компаниясы тарабынан Кыргызстанга төлөнүп берилген кундун толук өлчөмүн ачыктаган жок. Ошондой эле, бийликтегилер учактын кыйрашынан улам мерт кеткендердин туугандары менен жабыркагандарга төлөнгөн кундун өлчөмүн дагы ачыктаган эмес.

«Кундардын өлчөмү жабыркагандар менен макулдашылган. Бүгүнкү күнү түрк тараптан тийиштүү каражаттар толук түрдө которулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн акча каражаттар каза болгон жарандардын туугандарынын жана жабыркагандардын жеке банк эсептерине которулду», — деген вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 10-октябрда.

Тоголок жана жарым жетим калган балдарга компенсация улуттук жана чет элдик валюта менен депозиттик эсебине которулду. Ал сумманы балдар 18 жашка толгондо ала алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кыйраган. Учак турак жайлардын үстүнө кулаган. Кыйроонун натыйжасында экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 39 адам набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: