Елена Нагорная «Мегакомду» сатып албайт

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду «Мегаком» байланыш операторун сатуу боюнча орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. Мурдараак маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков «Мегакомду» сатып алууга дагы бир нече компания билдирме жөнөткөнүн айткан.

Маммүлк башкаруу фондусунун басма сөз кызматы билдиргендей, Елена Нагорная менен болгон сүйлөшүүлөр 15-ноябрда «тараптар шарттар боюнча өз ара келише алышпай койгондуктан» улам токтотулган.

Мурдараак 13-ноябрда аталган мекеменин башчысы Болсунбек Казаков кабарлагандай, «Мегакомду» сатып алууга дагы бир нече компания билдирме тапшырган. Бирок азырынча байланыш операторун кайсы компаниялар сатып алгысы келип жаткандагы белгисиз.

Буга чейин сатып алуучу катары жалгыз орусиялык ишкер Елена Нагорная чыгып жаткан болчу. Маммүлк фондусунан 8-ноябрда Нагорная менен келишимге үстүбүздөгү жылдын аягына чейин кол коюлушу мүмкүндүгүн билдиришкен.

Елена Нагорная — «Мегаком» байланыш операторун 13,5 млрд сомго сатып алууну каалаган орусиялык ишкер болчу. Ошондой эле, ал компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттенме алмакчы болгон.

Кыргызстанда анын сатып алууга даяр ишкер катары талапкерлигин коомдук ишмер Эдил Байсалов сындап чыккан. Ал билдиргендей, Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — бул кезектеги «алдамчылык менен тоноо».

Ал Нагорнаяга катталган бардык компаниялардын ишмердигин иликтеп чыккандан кийин ушундай бүтүм чыгарган.

«Мегакомдун» тарыхы жана аны сатуунун аракеттери

Байланыш оператору өз ишин 2006-жылы баштаган. Анын негизги инвестору компаниянын 51 пайыз акциясына ээлик кылган орусиялык Penwell компаниясы болгон.

Penwellдин өкүлдөрү 2008-жылы Максим Бакиев «рейдерлик жана алдамчылык аракеттер менен» компаниянын үлүшүн өзүнө каттаттырып, «Альфа Телекомдун» активдерин которуп алган деп билдиришүүдө.

Ошондон бери компания 51 пайыз акциянын үстүнөн көзөмөлдү калыбына келтирүү үчүн соттошуп жүрүп, 2010-жылдын апрелинде Бакиевдердин бийлиги кулатылгандан кийин жарым-жартылай бул нерсеге жетишкен.

Бирок ошондон кийин бийлик «Альфа Телекомдун» калган 49 пайыз акциясын улутташтырууну токтом кылып, компания толугу менен мамлекеттик болуп калган.

Кыргызстандын өкмөтү 2016-жылдын февралында «мамлекеттик объектилерди менчиктештирүү программасынын алкагында» «Мегакомду» 19 млрд сомго сатып жаткандыгын жарыялаган.

Үч жолку ийгиликсиз өткөрүлгөн аукциондон кийин Маммүлк фондусу байланыш операторун сатып алуунун баасын 13,5 млрд сомго чейин түшүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын августунда Орусиялык Penwell компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган. Бирок Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.


ТЕМА БОЮНЧА: