Cооронбай Жээнбековдун агасы элчи болуп дайындалды

Жаңы эле президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шарипов президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Өлкө башчысы аталган жарлыкка 16-ноябрда кол койгон.

62 жаштагы Жусупбек Шарипов — президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун агасы. Кесиби боюнча инженер-куруучу. Ал Киевдеги инженердик-курулуш окуу жайын 1978-жылы бүтүргөн.

2007-жылдан бери ал Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы, Кувейттеги, Египеттеги, Катардагы, Мароккодогу, Иорданиядагы жана Бахрейндеги элчилик кызматтарды ээлеген.

Ошондой эле Шарипов Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын губернатору болуп дагы иштеген.

Буга чейин Украиндагы Кыргызстандын элчилик кызматын Батыркан Сыргабаев 2016-жылдан бери ээлеп келген.


ТЕМА БОЮНЧА: