Орусияда «Азаттык» үналгысынын ишмердиги чектелиши мүмкүн

Сурөт: Reuters.

Орусиянын юстиция министрлиги «Азаттык» үналгысы менен «Азыркы учур» телеканалына алардын ишмердиктерин ыктымал чектөө боюнча билдирме жөнөттү. Бул мамдуманын депуттары бир добуштан ЖМКларды чет элдик агенттер деп эсептеген өзгөртүүлөрдү колдошкондон кийин болду.

Юстиция министрлигинин катында «Азыркы учур» (Настоящее время) менен «Азаттык» (Радио Свобода) үналгысынын редакциясынын ишмердиктерине так кандай чектөөлөр коюлаары ачыкталган эмес. Бирок аталган мекеме чектөөлөр мамдуманын 15-ноябрда чет элдик агенттер тууралуу кабыл алган өзгөртүүлөрүнө байланыштуу экенин көрсөткөн.

«Азаттык» үналгысы тараткан билдирмеге ылайык, алар азырынча өздөрүнүн ишмердигине кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн кайсыны таасир эте алат экенин билишпейт. Бирок уюмдун билдирүүсүндө медиа административдик кысымга кабылып жатканы көрсөтүлгөн.

«"Эркин Европа/Орусиядагы Азаттык үналгысы" кабелдик тармакка жеткилиги жок жана административдик басымдан улам орусиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты токтотууга мажбур болду. "Эркин Европа/Орусиядагы Азаттык үналгысынын" журналисттери басынтууларга кабылып жатышат жана дагы кол салуунун курмандыктарына айланууда», — делет уюмдун билдирүүсүндө.

Түзөтүүлөргө ылайык, кайсы гана болбосун «чектелбеген адамдардын тобуна басылма, аудио, визуалдык жана башка билдирүүлөр менен материалдарды таркатып жаткан» чет элдик түзүмдөр эгерде алар чет жерлерден каржылоо алып жаткан болсо чет элдик агенттер болуп таанылышы мүмкүн.

Тагыраак айтканда, эми Орусиянын юстиция министрлиги эгерде медиа чет жакта жайгашып же чет элдиктерден акча алып жаткан болсо ЖМКларды чет элдик агент деп тааный алат.

Бирок азырынча орус бийлиги чет өлкөлөрдө жайгашкан медиаларды кантип көзөмөлгө алаары белгисиз.

ЖМКлар «чет элдик агент» деген макамды алгандан кийин ар бир үч айда өз ишмердиги жана акчалардын сарпталышы боюнча юстиция министрлигине отчет берип турушу керек.

Чет элдик деген аныктамага бир гана ЖМКлар эмес ошондой эле, ар бир сайт же коомдук тармактардагы аккаунттар кирет.

Мамдуманын вице-спикери Петр Толстойдун айтымында, эгерде юстиция министрлигинин чечиминен кийин чет элдик медиа чет элдик агент катары катталбай турган болсо «мындай ЖМК Орусия федерациясынын аймагында иштебей калат».

Орусиялык мыйзам RT (мурдагы Russia Today) басылмасына Америка Кошмо Штаттарында чет элдик агент катары катталуусуна туура келгендигине байланыштуу жооп катары иштелип чыккан.

АКШда чет элдик агенттер боюнча мыйзам Америкада катталган уюмдарга гана тиешелүү. Ал жакта юстиция министрлиги чет элдик акчага иштеп жаткан компаниялардын ишин текшерет.


ТЕМА БОЮНЧА: