«Одноклассникиде» жихаддын идеологиясын жайылткан кыргызстандык кармалды

Сүрөт: Reuters

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет жерде жүргөн кезде жихад уюмдарына тартылган кыргызстандыкты кармады. Кийинчерээк ал коомдук тармактарда жихад идеологиясы камтылган аудио жана видеоматериалдарды жайылта баштаган.

Атайын кызмат Бишкекте 14-ноябрь күнү Оштун Кара-Суу районунун шектүү тургунун кармаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган кыргызстандык чет жерде жүргөн кезде жихад уюмдарына тартылган.

«"Одноклассники" коомдук тармагынын жигердүү колдонуучусу болуп туруп, өз барагында жихад идеологиясын жайгаштыруу аркылуу террористтик уюмдун башчысынын аудио жана видео кайрылууларын жайылтуу менен алектенген», — деп айтылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Ага каршы «Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу» беренеси бонча кылмыш ишин козгошту. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Жихад — дин үчүн күрөшүүнү билдирген исламдагы түшүнүк, ошондой эле, айрым учурларда «ыйык согуш» деп аталат. Бирок акыркы учурларда куралдын жардамы менен ишеним үчүн күрөшкөн адамдардын «аскерий жихад» деген түшүнүгү пайда болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: