Казак парламентинин спикери Атамбаевдин сөздөрүн «жоопкерсиз» деп атады

Нурлан Нигматулин. Сүрөт: tengrinews.kz

Казакстандын праламентинин спикери Нурлан Нигматулин Атамбаведин Кыргызстандын президенттик кызматындагы ишине комментарий берип, анын «саясий жана ички маданияты» жок деп билдирди.

Нигматулин билдиргендей, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Кыргызстандын элин дайыма колдоп жана жардам берет» деп маалымдады Tengrinews.kz басылмасы.

«Кыргызстандын эли дагы Казакстандын лидерине жылуулук жана ыраазычылык менен мамиле кылаарын билем. Ошондуктан Атамбаевдин бардык бош, популисттик жана жоопкерсиз сөздөрү биздин элдердин ортосундагы бир туугандык мамилелерине эч качан зыян тийгизе албайт», — деди спикер.

Ошондой эле, Нигматулин Атамбаевдин Кыргызстандын президенттик кызматындагы ишине комментарий берди.

«Ал өзүнүн президенттик жылдарында экономикада дагы, саясатта дагы бир дагы натыйжага жетише албай койгону бардыгына белгилүү. Ал эми кетип жатып саясий жана ички маданиятынын толугу менен жоктугун көрсөттү», — деп кошумчалады спикер.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министри кайрат Абдрахманов Атамбаевдин казак бийлигинин дарегине айткан сөздөрүн «мамлекет башчысынын даражасына дал келбейт» деп атаган.

Казакстандын праламентинин спикери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президентинин Казакстанга асылуу сөздөрүн «долулануу» деп атаган.

Нурсултан Назарбаев азырынча Атамбаевдин өз өкмөтүнүн дарегине айткан сөздөрүнө эч кандай комментарий бере элек, болгону Борбор Азиянын өлкөлөрү биригиши керектигин билдирген, анткени алар «Кудай берген кошуналар».

Ал эми Атамбаев 20-ноябрь күнү өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында билдиргендей, казак сенаторлору менен премьер-министр «эгерде аларга начальниги буйрук берсе бир кашык заңды жеп салышат».


ТЕМА БОЮНЧА: