«Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын депутаты Атамбаевге Баатыр наамын ыйгарууну сунуштады

«Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын Баатыры наамын ыйгарууну сунуштады. 

Нышанов парламенттин жыйынында билдиргендей, Атамбаевге Кыргызстандын Баатыры наамын ыйгаруу керек, анткени ал «өлкө үчүн көп нерсе кылган».

«Алмазбек Шаршеновичтин жасаган иштери көп болду. Көпчүлүгү тарыхта кала тургандай болду. Мисалы айтсак Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, мына Датка-Кемин линиясы. Эң акыркысын эле алганда мына жакында шайлоо болуп өтүп кетти, ушул дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргиздик. Биз убагында шайлоону көргөнбүз, бир добуш бир шайлоочу эмес, бир шайлоочу жүз добуш болгон. Карусель дегендер болгон. Ушулардын баары дүйнөнү таң калтырган акыбалга алып келди. Ошондуктан мен ойлойм Алмазбек Шаршеновичтин эмгеги 50-100 жылдан кийин деле тарыхта калат деп ойлойм», — деди Нышанов.

«Ата Мекен» фракциясынын катчылыгынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алар Нышановдун сунушуна комментарий бере алышпайт.  

Анын фракциядагы кесиптеши Садык Шер-Нияз депуттын билдирүүсүн «жеке демилге» деп атады.

«Мен бул сунушту ар кимдин жеке иши деп ойлойм. Эгерде Сайдулла Нышанов ошондой деп билдирсе, демек ал парламентте өз көз карашын ачыктады. Бул нерседен кандайдыр бир саясий бүтүм кылуунун кереги жок, бул депутаттын жеке демилгеси», — деди ал «Клоопко» курган маегинде.


ТЕМА БОЮНЧА: