Атамбаев Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берди

Сүрөт. Азаттык

Президент Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берген Суу кодексине өзгөртүүлөргө кол койду. Укук коргоочулар менен экологдор мөңгүлөрдү сактоо үчүн бир нече жолу митингдерге чыгышкан.

Атамбаев Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө 23-ноябрда кол койду. Бийлик өзгөртүүлөрдү өлкөдөгү башкы алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасынынын «үзгүлтүксүз иштеши» менен түшүндүргөн.  

Эми компания Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн ээришин тездетүүгө алып келиши мүмкүн болгон ишмердикти жүргүзө алат.

Парламентте өзгөртүүлөрдү колдоп жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мөңгүлөр карьерге жылышып, «Кумтөрдүн» ишине коркунуч жаратып жатканын билдирген болчу.

Зилалиевдин маалыматына ылайык, Давыдов мөңгүсүнүн бүгүнкү күнү жарымы иштетилген, ал эми Кумтөр казылып бүтүшүнүн аягына чейин мөңгүнүн 30 пайызы калат.

Лысый мөңгүсү 10 пайызга иштетилген жана Кумтөрдүн жумушу аяктагандан кийин ал дагы 10 пайызга азаят.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул өзгөртүүлөрдү кабыл алууда компания менен айлана чөйрөнү коргоо боюнча келишим эске алынган.

Келишимге ылайык, ишкана Жаратылышты өнүктүрүү боюнча фонд түзүп, ага 50 млн АКШ долларын салышы керек.

Мындан тышкары, компания экологияга келтирилген зыян үчүн жыл сайын 3 млн АКШ долларын төлөп турат.

Ошондой эле, компания Онкологиялык кызматын колдоо фондун түзүүгөө 10 млн АКШ долларын бөлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Депутаттар бул маселени талкуулап жатышкан кезде активисттер менен экологдор өзгөртүүлөргө каршы болушуп, эки жолу парламенттин алдына митингге чыгышкан.

Укук коргоочу Рита Карасартова билдиргендей, бийлик мындай өзгөртүүлөрдү кабыл албашы керек, анткени бул экологиялык кыйроого алып келет.

«Башка өлкөлөр өздөрүнүн мөңгүлөрүн сактоо үчүн жана алардын ээрип кетишин азайтуу максатында мөңгүлөрүн кездеме менен жабышат, биздин эл мөңгүлөрдү бузуп, бул нерсенин баарын мыйзам чегинде жасап жатат», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: