Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Матраимов жумуштан алынды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Сүрөт: tazabek.kg

Премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алуу боюнча буйрукка кол койду. 2016-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери аткаминердин жакын бир туугандарынан кымбат баадагы кыймылсыз мүлктү табышкан, ошол эле кезде анын жылдык кирешеси 8500 миң АКШ долларына жакын акчаны түзөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Матраимов «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн пунктуна ылайык кызматтан бошотулду.

Мыйзамга ылайык, аны «өлкөнүн саясий жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясат менен кабыл алган чечимдерине анын ишмердиги дал келбегендиги» үчүн кызматтан алышты.

Аны 2015-жылдын августунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындашканга чейин Матраимов сегиз жыл аралыгында Ош бажысынын начальниги болгон. Бир нече кызматтарды алмаштыргандан кийин ал бардык түштүк-батыш бажы кызматынын начальниги болуп калган.

2016-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөө жүргүзүшүп, анчейин чоң эмес расмий кирешеге карабастан Матраимов Ош шаарында «Народный» эки супермаркети менен «Эрем» спорттук комплексине ээлик кыла турганын аныкташкан.

Ошондой эле, журналисттер Матраимовдун жакынкы туугандарына катталган үч хансарайды табышкан. Ош шаарынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу хансарай анын апасы Апиза Матраимовага катталган.

Ош шаарындагы мамлекеттик резиденциянын жанындагы эң эле кымбат үйлөрдүн бири анын КСДП президенттик партиясындагы депутат агасы Искендер Матраимовго таандык. Дагы бир үйгө анын жакын кесиптеши Зафар Айдаров ээлик кылат.

Ал эми Матраимов өзү Бишкетин Эркиндик бульвары менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде кымбат баадагы үйлөрдүн биринде жашайт.

Мындан тышкары, «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдун уулу чет элдик курорттордогу кемелерде эс алып, 43 миң доллар (3 млн сомдон бир аз көбүүрөөк акча) турган саат тагынып жүргөнүн аныкташкан.

Ошол эле учурда журналисттер белгилешкендей, аткаминердин расмий кирешеси декларацияга ылайык, жылына 587 миң сомду түзөт, бирок ал 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батир менен «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат.


ТЕМА БОЮНЧА: