Нарын: Дайрага машина кулап, төрт адам набыт болду

Дайрага кулаган «Тойота». Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Нарын облусунун Кубакы ашуусунда төрт адамдан турган үй-бүлө жол кырсыгынан улам набыт болушту. Айдоочу унааны башкара албай калып, машина көпүрөдөн дайрага кулап кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 26-ноябрда саат 12:20да болгон. «Тойота Карина» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу Кубакы ашуусунда рулду башкара албай калып, дайрага кулап түшкөн.

Натыйжада машинанын айдоочусу, анын колуктусу жана эки кызы набыт болушту.

Машинадан алардын денелерин ӨКМнин 20дан ашуун куткаруучулары алып чыгарышты. Каза болгондордун туугандары алардын сөөктөрүн өлүкканадан алып кетишкен.

Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылдын он айында 5 миң 197 жол кырсыгы катталган — бул 2016-жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга көп. Жол кырсыктарынан 695 жаран набыт болуп, сегиз миңге жакыны жаракаттарды алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: