КМДБ: Кыргызстандын мечиттеринде жол коопсуздугу жөнүндө кутпалар окула баштады

Нарындагы мечит.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев өлкөнүн бардык мечиттеринде жол коопсуздугу жөнүндө диний үгүттөр айтылып турсун деген буйрукка кол койду. Мындай аракеттерге жол кырсыктарынын санынын өсүшү себеп болгон.

Токтомушев 23-ноябрда мечиттердин имамдары жол коопсуздугу жөнүндө кутпаларды окушсун деген байрукка кол койду.

Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, дин ишмерлери мечитке келгендер менен жолугушууда жол кыймылынын эрежелерин сактоо керек экенин түшүндүрүшөт.

«Дин кызматкерлери мечиттерде, мектептерде, жогорку окуу жайларда жана коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Айдоочулар бир гана өздөрүнүн эмес, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө дагы жоопкерчилик тарта турганын билүүлөрү керек», — деп айтты КМДБнын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

КМДБнын мындай аракеттерге баруусуна өлкөдөгү жол кырсыктарынын саны өсүп жаткандыгы негизги себеп болгон.

2017-жылдын он айында 5 миң 197 жол кырсыгы катталган — бул 2016-жылга салыштырмалуу 8,3 пайызга көп. Жол кырсыктарынан 695 жаран набыт болуп, сегиз миңге жакыны жаракаттарды алышкан.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону өкмөт башчысы Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.

Премьер-министр Исаков 20-ноябрда билдиргендей, Кыргызстандын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.


ТЕМА БОЮНЧА: