Депутат Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды

КСДПнын депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды, анткени ал «юридикалык дагы эмес, чыныгы парламенттик телеканал да болуп калган эмес».

Бекешев «Бешинчи каналды» «парламенттик» макамдан ажыратып, аны жеке жактарга сатууну сунуштоодо.

«Ошол учурдан бери (2012-жылдан баштап) өкмөт "Бешинчи каналга" тийиштүү нормативдик укук актыларын демилгелеген эмес. Ошол эле учурда парламент факт түрүндө "Пирамида" телеканалы аркылуу онлайн обого чыгуу мүмкүнчүлүгүн алганын белгилеп коюш керек», — деп түшүндүрдү ал.

Бекешевдин маалыматына ылайык, «Бешинчи канал» өзүнүн ишмердиги үчүн актуалдуу мыйзам базасына ээ эмес — акыркы жолу бул телеканалга тиешелүү укуктук-нормативдик актылар 2012-жылы талкууланган.

«"Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө мыйзам өз маанилүүлүгүн жоготуп, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш өз максаттарын чагылдуу боюнча максаттарына жетти», — деп эсептейт депутат.

«Бешинчи канал» президент Курманбек Бакиев кулатылып, Кыргызстандын бийлиги алмашкандан кийин бир жыл өткөн соң 2012-жылы биротоло улутташтырылган.

Бакиведен кийин президенттик кызматка келген Роза Отунбаева «Бешинчи каналдын» улутташтырылышына каршы болгон, бирок парламент көпчүлүк добуш менен телеканалды мамлекеттик кылган.

«Бешинчи канал» 2005-жылы биринчи президент Аскар Акаев кулатылгандан кийин жабык КООРТ каналылынын диапазонунда пайда болгон.

2009-жылга чейин телеканалдын башкы директору кинчерээк экинчи президент Курманбек Бакиевдин өкмөтүнө иштөөгө өткөн парламенттин мурдагы депутаты Оксана Малеванная болуп турган.

Учурда телеканал бүткүл өлкөгө түз обого чыгып, Кыргызстандагы эң ири телеканалдардын бири болуп эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: