Бишкекте жер астындагы өтмөктөргө майыптар үчүн көтөргүчтөр орнотулат

Бишкек мэриясы майыптар үчүн көтөргүчтөрдү алды, алар филармония жана ЦУМдун жанындагы ремонттолгон жер асты өтмөктөрүнө орнотулушу керек. Мэрия көтөргүчтөрдү орнотуу ушул аптанын ичинде бүтөт деп убадалады.

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев «Клооптун» кабарчысына учурда көтөргүчтөр өтмөктөргө орнотулууга даярдалып жатканын билдирди.

«ЦУМдун жанында аларды орнотууга даярдык иштери башталды. Ушул жумада көтөргүчтөр эки жер өтмөгүндө тең орнотулат», — деди ал.

Мэрия көтөргүчтөрдү сентябрь айында бүткөрүлгөн өтмөктөрдү реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө жайгаштырмак.

Бирок Казакстандын чек арасында жаралган кырдаал себептүү көтөргүчтөрдү Кыргызстанга алып кире алышкан эмес.

Филармония менен ЦУМдун алдындагы авариялык абалда турган жер асты өтмөктөрүн реконструкциялоо 2017-жылдын жазында башталган.

Эки өтмөктү оңдоп-түзөөгө 70 млн сомдун айланасында каражат бөлүнгөн.

Ошентсе да, реконструкциялоодон кийин жамгырда өтмөктүн үстүнөн бир канча ирет суу тамчылаган. Мэрия жалданма компаниянын муну өз каражатынын эсебинен оңдоорун билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: