Кыргыз делегациясы чек ара боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Астанага учуп кетти

Кыргыз-казак чек арасындагы жүктүү унаалардын кезек күтүүлөрү. Сүрөт: Эдил Байызбеков / Kloop.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Астанага вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган кыргыз делегациясы учуп кетти. Ошондон кийин казак делегациясы «жол картага» кол коюу үчүн Бишкекке келиши керек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз делегациясы казак тарап менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга жардам бере турган «жол картасын» талкуулашат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 1-декабрда парламенттин төрагасы жана фракциялардын башчылары менен жолугушууда Астанадагы жолугуштан кийин Бишкекке казак делегациясы келээрин жана тараптар «жол картага» кол коюшат деп айтты.

Жээнбеков менен Назарбаевдин Минсктеги жолугушуусу

Эки өлкөнүн президенттери 30-ноябрда Минскте бардык чек ара маселелерин чечип, декабрь айынын аралыгында «жол картага» кол коюуну макулдашышты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдиргендей, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «бир туугандык мамилелерди» калыбына келтирип, чек арадыгы көйгөйдү чечүүгө жардам берген «жол картасына» кол коюу зарыл.

Назарбаев «Кордай» («Ак-Жол») көзөмөл-өткөрмө бекетинде тартип убактылуу жеңилдетиле турганын айтты. Бул бекетте жүктөрдү Казакстан менен Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринен тышкары Евразия экономикалык биримдигинин үч адамы текшерип турушат.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков «чек арадагы кырдаалды анын жеке жоопкерчилигинин астында жөнгө салууну» суранган.

Мындан тышкары, Назарбаев Жээнбековду Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.


ТЕМА БОЮНЧА: