Жээнбеков менен Назарбаев кыргыз-казак чек арасын ачууну келишишти

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минсктеги жолугушууда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган «жол картасына» кол коюуну макулдашышты. Казак чек арасынан өтүү кыйынчылыктары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигинин дарегине айткан катуу сын-пикирлеринен улам башталган.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков менен Назарбаев 30-ноябрда кыргыз тараптын демилгеси менен Минсктеги Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Назарбаев билдиргендей, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «бир туугандык мамилелерди» калыбына келтирип жана чек арадыгы көйгөйдү чечүүгө жардам берген «жол картасына» кол коюу зарыл.  

«Чек арадагы абалдын себептерин биз баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз төмөнкүдөй чечимге келдик: өкмөттөр иштеп чыккан "жол картасы" бар, биз аны карап чыктык. Эки өлкөнүн жумушчу топтору бул картаны талкуулап кабыл алышат»,  деди Нурсултан Назарбаев.

Казак президентинин айтымында, «Кордай» («Ак-Жол») көзөмөл-өткөрмө бекети убактылуу ачылат. Бул бекетте Казакстан менен Кыргызстан тарабынын көзөмөлүн орнотушуп, ошондой эле, жүктөрдү Евразия экономикалык биримдигинен кошумча үч адам текшерип турушат.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков «чек арадагы кырдаалды анын жеке жоопкерчилигинин астында жөнгө салууну» суранган.

Жээнбековдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «жол картасын» макулдашуу боюнча жумуштар декабрь айынын аралыгында аягына чыгышы керек.

«“Жол картасы” бар, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет» деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, Назарбаев Жээнбековду Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.


ТЕМА БОЮНЧА: