МИК убактылуу ипотекалык насыя берүүнү токтотту

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) каржылык кыйынчылыктардан улам батир сатып алуу үчүн насыя берүүлөрдү убактылуу токтотту. МИКтин өнөктөш-банктары буга чейин жактырылган насыяларды гана беришет.

МИКтин төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулунун айтымында, банктардын жаңы насыяларды жактыруусу компаниянын өтүнүчү менен токтотулду.

«Учурда кырдаал туруктуу болуп калды, дүрбөлөң жок. Буга чейин жактырылган насыяларды берүү жүргүзүлүүдө, ал эми жаңы насыяларды жактырууну өнөктөш-банкттар биздин өтүнүч менен токтотушту. Биз учурда буга чейинки макулдашылган насыяларды беришибиз керек». — деди ал.

Нуржигит Үсөнакун уулунун маалыматына ылайык, жаңы насыяларды берүү каржылык кыйынчылыктардан улам токтотулган. Бирок ал качан кайрадан насыя алууга билдирмелер карала баштаарын айткан жок.

МИК ипотекага жалпы өлчөмү 2 млрд 536 млн 370 миң сомго 2 миң 293 насыя берген.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылдын 15-июлунда өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн.

Ал эми ошол эле жылдын 5-августунда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы бекитилген.

Бийликтегилер кирешеси аз жарандар үчүн жылдыгы 8-10 пайызды түзгөн жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүүнү чечкен.

Ипотекалык насыя 15 жылдык мөөнөткө берилет.


ТЕМА БОЮНЧА: