Парламент жаңы жолдорго болгон кепилдик мөөнөттөрдү көбөйттү

Парламенттин депутаттары оңдолгон жана жаңы жолдорго болгон кепилдик мөөнөттү көбөйткөн мыйзам долбоорун биротоло жактырды. Эми жаңы жолго болгон кепилдик беш жыл, ал эми оңдоодон өткөрүлгөн жолдордуку үч жылды түзүп калат.

Мыйзам долбоору үчүн 30-ноябрда 97 депутат добуш берген.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми жаңы автоунаа жолуна болгон кепилдик мөөнөт эки жылдан беш жылга чейин көбөйтүлүүдө. Ал эми ондоодон өткөн жолдун кепилдик мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейин узартылды.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери бул жаңы жана оңдоодон өткөн жолдорду тапшыруудан кийин подрядчылардын жоопкерчиликтерин жогорулатат деп эсептешет.

Мындан тышкары, өзгөртүүнүн авторлорунун пикирлерине ылайык, кепилдик мөөнөтүн көбөйтүү подрядчылардын өз иштерин сапатту аткарууларына өбөлгө болот.

«Ошондуктан кепилдик мөөнөт жогорулатылбаса, мамлекет жаңы жана реконструкцияланган жолдорду тейлөө боюнча кошумча жүктү өзүнө алат, бул өлкөнүн бюджети чектелип турган шартта оорчулукту жаратары шексиз», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Өзгөртүүлөр ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: