Кара-Балтанын тургундары шаарда өлүп калган каргаларды табышкан

Сүрөт: Turmush

Мамэкотехинспекциядагылар канаттуулар тоңуп калышкан деп эсептеп жатышат. Ал эми экологдор канаттуулар күйүүчү май өндүрүүчү заводдун чыгындыларынан улам өлүп калуулары мүмкүн деп айтышууда.

Кара-Балтадагы өлүп калган каргалардын сүрөттөрүн «Турмуш» басылмасы жарыялаган.

Кара-Балта шаары боюнча Мамэкотехинспекция башкармалыгынын начальниги Манас Карабаев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, канаттулар аба температурасынын төмөн болушунан өлүп калуулары мүмкүн. Ал мекеме учурда өлүп калган канаттуулардын санын эсептеп жатканын кошумчалады.

«Бул куш тумоосу эмеси анык, анткени андай болгон учурда биринчи кезекте каргалар эмес, үй канаттуулары өлүп калмак. Учурда биз каргалардын өлүмүнүн так себептерин аныктоого аракет кылуудабыз», — деди ал.

Эколог Эмил Шүкүров канаттуулардын сууктан өлүшү боюнча версиясын четке какты. Шүкүровдун оюнча, алардын өлүмүнө Кара-Балтада иштеп жаткан күйүүчү май өндүрүүчү заводдун чыгындылары себеп болушу мүмкүн.

«Мындан болушу мүмкүн эмес, анткени суук деле жүргөн жок. 100 пайыз кепилдик — каргалар сууктан өлүп калышы мүмкүн эмес. Алар бардыгынан да күйүүчү май өндүрүүчү ишкананын чыгындыларына ууланып калышы мүмкүн», — деди ал.

Кара-Балтадагы күйүчү май өндүрүү заводу 2013-жылы ишке кирген. Шаар тургундары ишкана ишке киргенден баштап алардын ден соолуктары начарлап кеткенин айтышып, бир нече жолу ишканага каршы митингге чыгышкан.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар ишкананын жетекчилигин айланына-чөйрөнү булгоо боюнча айыпташууда. Ал эми компания өзү завод тургундарга эч кандай зыян тийгизбейт жана экологиялык дооматтар негизсиз деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: