«Республика — Ата-Журттун» депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-спикерлик ыйгарым укуктарын тапшырды

Сүрөт: Табылды Кадырбеков / Спутник

«Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова мөнөөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетти. Өмүрбекова азырынча эмне себептен вице-спикерлик ыйгарым укуктарын тапшырууну чечкенин айткан жок.

Өмүрбекова кызматтан кетүү боюнча 6-декабрда парламенттин жыйынында билдирген. Ал вице-спикерлик кызматта бир жарым жыл иштеди.

«Өз каалоом менен менин вице-спикерлик кызматтагы ыйгарым укуктарымды мөөнөтүнөн мурда токтотууну суранам», — деди ал.

Депутат кесиптештерине өзүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен силердин үмүтүңөрдү актай алдым деп ишенем», — деди ал.

Эми вице-спикердин ордун оппозициялык фракциянын депутаты ээлеши керек.

Өмүрбекова саясий ишмердигин 2010-жылы «Республика» партиясына өтүп баштаган. Ал 2011-2013-жылдары Свердлов райондук администрациясынын башчысынын милдетин аткарып турган.

Ал эми 2015-жылы Бишкек мэринин кеңешчиси кызматында иштеп, андан соң вице-мэрдин милдетин аткарган. Ошол эле жылдын октябрында ал кайрадан «Республика — Ата-Журт» партиясынын депутаты болуп шайланган.

Кыргызстандын президенттик шайлоосунан кийин «Республика — Ата-Журт» фракциясында өзгөрүүлөр башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында «Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясынын башчылыгынан кетүү жөнүндө Өмүрбек Бабанов жарыялаган. Ал кызматынан өз каалоосу менен кетип, анын ордун партиялашы Руслан Казакбаев ээлеп калган.

Бабанов шайлоодо жеңишке жеткен бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Саясатчы экинчи орунду ээлеп, утулгандыгын тааныган.

Учурда Бабановго каршы Ош шаарынын «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районунда үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш иши ачылган.

Ал эми Бабанов өзү кылмыш ишти «токулган жана саясий» деп атап, «даарыланууга» байланыштуу деп өлкөдөн чыгып кеткен. Азырынча саясатчы өлкөгө келгенби же жокпу белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: