Кыргызстан менен Сербия виза талаптарын алып салат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана анын сербиялык кесиптеши Ивица Давич

Сербиянын жана Кыргызстандын өкмөтү өз ара виза талаптарын алып салуу боюнча келишимге кол коюшту. Эми кыргызстандыктар Сербияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 5-6-декабрда Сербияга барды. Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин өкүлдөрү 90 күнгө чейин визалык талаптарды өз ара алып салуу боюнча келишимге кол коюшту.

Бул Кыргызстандын жарандары Сербияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат дегенди билдирет. Мындан тышкары Сербиянын дагы жарандары Кыргызстанга 90 күнгө чейин визасыз келе алышат.

«Бул Кыргызстан менен Сербиянын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү жолундагы реалдуу кадам жана  биздин жарандардын өз ара барып келүүсүн  жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнү жеңилдетет», — деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматынын мааылматында.

Азырынча визасыз тартип качан күчүнө кирээри белгисиз.

Учурда Кыргызстандын жарандары Сербияга барыш үчүн жеңилдетилген тартипте виза ала алышат.


ТЕМА БОЮНЧА: