Бишкекте патрулдук милиция кортежден улам өрт өчүргүчтү өткөргөн жок

Патрулдук милициянын инспекторлору өрт өчүрүүчү унааны Түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеясынын кеңешинин катышуучуларынын кортежи себептүү өткөргөн эмес. Патрулдук милициядан билдиришкендей, өрт өчүргүчтөрдү «эл аралык келишимдердин» негизинде токтотууга мажбур болушкан.

Инспекторлор 7-декабрда Киев жана Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдон өрт өчүрүү тобун өткөрүшкөн эмес.

https://www.instagram.com/p/BcZyRtDHPEn/

Өрт өчүрүүчүлөр Эркиндик гүлбагындагы имараттын чатырындагы өрткө чакыруу менен баратышкан. Тилсиз жоо менен күрөшкөнү эки атайын унаа чыккан. Анын бири жерине токтоосуз жетип барса, экинчиси кортежди өткөрүп жиберүүгө мажбур болгон.

Унаанын айдоочусу патрулдук милицияга кайрылып, өрт тууралуу чакырууга шашып жатканын эскерткен. Ошентсе да, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынын катышуучуларынын кеңешинин кортежи өтүп бараткандыгы себептүү өрт өчүрүүчүлөр жолун улай алышкан эмес.

Патрулдук милициядан тастыкташкандай, мекеменин кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөрдү «эл аралык келишимдердин» негизинде токтотууга мажбур болушкан, бирок токтотуу болгону «бир канча мүнөткө» созулган.

«Атайын унаа кортеж өтүп бараткан учурда бир канча мүнөткө гана токтотулду. Ага чейин кортеж белгиленген трасса менен жүрсө, ал эми өрт өчүрүүчүлөр башка унаалар четте турган маалда эч кандай тоскоолдугу жок эле көчө менен баратышкан», — деп билдиришти патрулдук милициядан.

Башкармалыктан кортеж өтүп кеткенден кийин өрт өчүрүү тобунун «тоскоолдуксуз өтүшүнө» шарт түзүп беришкенин кошумчалашты.

Өрт өчүрүү тобунун маалыматына ылайык, алар чакырууга бир аз кечигип, бирок кырсыкты маалында жоюуга жетишишкен.

«Патрулдук милиция саналуу мүнөттөргө токтоткон атайын унаа өрт болгон жерге бир аз кечигип, 11 мүнөттөн кийин барды. Өрттүн келип чыгуу себеби — электр зымдарын орнотуу жана туташтыруудагы эрежелердин сакталбагандыгы», — деп маалымдашты өрткө каршы күрөшүү кызматынан.


ТЕМА БОЮНЧА: