Бишкек: Өкмөттүк кортеждин унаасы жол кырсыгына учурады

Сүрөт: АКИpress

Чыңгыз Айтматов проспектисинде эки машина сүзүштү, анын бирөөсү жогорку мансаптагы аткаминерди коштоп бара жаткан. Патрулдук милициядан машина кимди коштоп бара жатканын ачыкташкан жок.

Жол кырсыгы саат 8:30да Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өкмөттүк жолдун тилкесинде болуп, «Тойота Лэнд Крузер» жолтандабасы менен «Шевроле» үлгүсүндөгү минивэн сүзүшүшкөн. Жол кырсыгынан улам жабыркагандар жок.

«Лэнд Крузердин» айдоочусунун айтымында, жол кырсыгына жолдун каршылаш тилкесине чыга калган өкмөттүк кортеждеги жолтандабас күнөөлүү болуп калган.

«Эч кандай сигнал берүү болгон эмес. Алар ийри-буйру айдашып, каршылаш тилкеге чыга калышты. Алар таптакыр көрүнгөн эмес», — деди айдоочу.

Учурда жол кырсыгы болгон жолдун тилкеси тосмого алынган.

Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдардагы өздөрүнүн маалымат булактарына таянып билдиргендей, машиналардын биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери болушу мүмкүн.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан 24.kg басылмасына тастыкташкандай, машина жогорку мансаптагы аткаминердин кортежинен болгон, бирок так кимдики экенин атоодон баш тартышкан.

УКМКдан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алар жол кырсыгына комментарий бере алышпайт.


ТЕМА БОЮНЧА: