Бишкекти жаңы жылга жасалгалоо үчүн 15 млн сом жумшалат

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бишкек мэриясы шаарды Жаңы жыл майрамына карата жасалгалоо үчүн 15 млн сомдон ашуун каражат жумшайт. Мурдагы жылы жаңы жылдык көрктөндүрүүгө 13 млн сомдой акча жумшалган.

Бишкек мэриясы шаарды майрамдык жасалгалоого 15 млн 767 миң сомго тендер жарыялады.

Тендерди «Ала-Тоо» аянтын Нооруз жана Жаңы жылга даярдоо, жасалгалоо менен буга чейин алектенип жүргөн «Гранд Про» компаниясы жеңип алган.

Мурдагы жылы Бишкек мэриясы шаарды жаңы жылдык жасалгалоого 13 млн сомдой каражат жумшаган болчу.

Ал эми Бишкектин бийлиги 2015-жылы шаарды жасалгалоонун чыгымдары «минималдуу» болгонун билдиришкен, анткени шаардын борборунда орнотулган балатыны Кытайдын элчилиги белекке берген.

Бир жыл мурда аянтты көрктөндүрүүгө 2,5 млн сом жумшалган. Бирок шаардык бийликке «кооз эмес» балаты үчүн катуу сын пикирлер айтылган, анткени чыныгы оюнчуктардын ордуна аны картондон жасалган оюнчуктар менен шөкөттөшкөн.

2012-жылдагы Жаңы жыл 2 млн сом коротулган 23 метрлик балатынын кулашы менен эсте калган. Анда Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов майрамдык балатынын кулашына эскилиги жеткен темир каркас менен катуу шамалды күнөөлөгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: