«ProAir» продакшн-студиясы жаңы жылга карата жасалгаланып, салтанаттуу түрдө 2015-жылдын 19-декабрында жандырылган жаңы жылдык балаты турган Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтын бийиктиктен видеого тарткан.

Видео 22-декабрда студиянын «Фэйсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, 25 метрлик балатыны Кытайдын элчилиги белек катары берген, а аны кооздоп, жасалгалоого 64 миң жарык берүүчү лампа илинген.

Мэрия 2015-жылы каркастуу балатыдан баш тартып, жасалма балатыны орнотту. Кулматов жаңы жылдык балатыны даярдоого беш айга жакын убакыт кеткенин айтты.