Исаков: «Таза коомдун» жардамы менен мамкызматкерлер «толук көзөмөлгө» алынат

Премьер-министр Сапар Исаков

Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, өкмөт 2019-жылга чейин санарип болуп калат — бул мамлекеттик кызматкерлерди «толук көзөмөлдөө» дегенди билдирет. Анын айтымында, «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик аппаратты кыскартып, ошону менен мамлекеттик кызматкерлердин маяналырын көбөйтүүгө шарт түзөт.

Исаков 11-декабрда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдиргендей, 2019-жылы бардык мамлекеттик кызматкерлер «көзөмөл алдында» болуп калышат.

«Биз мамкызматкер эмне менен алектенип, жумушка, башка иштерге канча убакыт коротуп жаткандыгын, жумушка канчада келгенин, мамлекеттик уюмдун аймагынан канчалык көп чыгып, кайсыл иштер менен кетип жаткандыгын көрүп турабыз», — деди ал.

Исаков кошумчалагандай, мындай чаралар мамлекеттик аппаратты кыскартып, «өзүн жумушка арнагандардын» маяналарын көбөйтүүгө шарт түзөт.

Премьер-министр «Акылдуу шаар» сыяктуу долбоорлорду коррупцияга болуп кетпеши үчүн мамлекеттик башкарууга бербөө керек деди.

«Бул учурда мамкызматкер менен жарандын ортосунда сүйлөшүп алуулар болбойт. Кайсы бир аткаминер же премьер-министр, мисалы, жол кырсыгынын видео байкагычтагы жазмасын өчүрүүгө мажбур кылып же таасир эте албайт», — деди ал.

Исаковдун айтымында, «Таза коомдун» пайдубалын түзүү үчүн 100 млн доллар керектелет. Дүйнөлүк банк болжолдуу бул каражаттын жарымын бөлүп берет. Бул каражатка Маалыматтарды кайра иштеп чыгуу борбору түзүлөт.

Өкмөт 2018-жылы «Таза коом» долбооруна 1 млрд сом жумшоону пландап жатат.

«Таза Коом» — мамлекеттин ишин жакшыртууга багытталган долбоор. План боюнча ал Кыргызстанды Азия, Европа жана Жакынкы Чыгышты байланыштыра турган IT-хаб өлкөсүнө айландырат.

Учурда «Таза Коомго» тогузга жакын долбоорлор кирет, анын ичинде «Акылдуу шаар» («Коопсуз шаардын» альтернативасы) бар. Долбоор өлкөнүн жолдорунда айдоочулардын эреже бузууларын аныктаган камераларды орнотууну шарттайт.

Кыргызстанга «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууда БУУ, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана анын ичине АКШ, Жапония, Түштүк Корея жана Орусия кирген бир нече мамлекеттер жардам беришет.


ТЕМА БОЮНЧА: