Кулматов кайрадан Бажы кызматын жетектей баштады

Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп калды. Ал буга чейин 2010-2013-жылдары дагы бул кызматты аркалаган болчу.

Премьер-министр Сапар Исаков Кулматовдун дайындалышы боюнча буйрукка 11-декабрда кол койгон.

Өкмөт башчы Кулматов алдына коюлган милдеттерди аткара алат деп ишенет.

«2010-2013-жылдары анын жетекчилиги алдында бажы кызматынын киреше бөлүгү эки жарым эседен көбүрөөк жогорулаган. Кулматовго кадрларды башкаруу укугу берилди жана ал орун басарлар боюнча сунуш киргизиши керек», — деди Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кулматовду бул кызматка дайындоо анын жеке чечими болгон.

«Бүгүн эртең менен президент Сооронбай Жээнбековдун кабылдоосунда болуп, ал менин сунушумду колдоду», — деди өкмөт башчы.

Ал эми Кулматов өзүнүн дайындалышы боюнча «бажы кызматында алектене турган жумуш бар» деген сөздөр менен гана комментарий берди.

«Бажы кызматынын дарамети чоң, кадр саясаты мекеменин ишин жакшыртууда артыкчылыктуу бөлүк болуп эсептелет», — деди Кулматов.

Буга чейин Кубанычбек Кулматов 2010-2013-жылдар аралыгында бажы кызматына жетекчилик кылган болчу. Ошондон кийин Кулматов бир жылдай Бишкектин мэри болгон. Ал эми 2016-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы болуп калган.

2017-жылдын сентябрында аны Кыргызстандын Улуттук банкынын башчылык кызматына дайындашкан.

Бажы кызматындагы өзгөртүүлөр

Аталган мекемедеги кадрдык өзгөртүүлөр премьер-министр Сапар Исаков бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду «өлкөнүн саясий жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка анын ишмердиги дал келбегендиги» үчүн кызматтан алууну буйругандан кийин 23-ноябрда башталган.

2016-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөө жүргүзүшүп, анчейин чоң эмес расмий кирешеге карабастан Матраимов Ош шаарында эки «Народный» супермаркети менен «Эрем» спорттук комплексине ээлик кыла турганын аныкташкан.

Ошондой эле, журналисттер Матраимовдун жакынкы туугандарына катталган үч хансарайды табышкан. Ош шаарынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу хансарай анын апасы Апиза Матраимовага катталган.

Мындан тышкары, «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдун уулу чет элдик курорттордогу кемелерде эс алып, 43 миң доллар (3 млн сомдон бир аз көбүүрөөк акча) турган саат тагынып жүргөнүн аныкташкан.

Ошол эле учурда журналисттер белгилешкендей, аткаминердин расмий кирешеси декларацияга ылайык, жылына 587 миң сомду түзөт, бирок ал 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батир менен «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат.

Матраимовдун ордуна «Ош» бажысын жетектеген Нурлан Ражабалиевди дайындашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: