Алмаз Үсөнов Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштейт

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Алмаз Үсөнов билдиргендей, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштейт. Атамбаевдин учурунда ал президенттин басма сөз кызматын жетектеген.

Үсөнов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштей тургандагын билдирди. Бирок ал өзүнүн милдеттерине эмнелер кире тургандыгын тактап берген жок.

«Кыска мөөнөттүү эс алуудан кийин ишке киришем», — деди ал.

Үсөнов 11-декабрда өз каалоосу менен президенттик аппараттын башчылык кызматынан кетип, анын ордуна Фарид Ниязов дайындалган. Бул кызматта Үсөнов үч айдан ашыгыраак убакыт иштеген.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Үсөнов беш жыл аралыгында өлкө башчысынын басма сөз кызматын жетектеген.

Атамбаев өлкөнү жетектей баштаганга чейин Үсөнов кулатылган президент Курманбек Бакиевдин басма сөз кызматында иштеген.

Азырынча Атамбаев эмне менен алектене турганы белгисиз. Бирок ал 20-ноябрда берген өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында өзү негиздеген КСДП партиясын ыктымал жетектөө планы бар экенин жана парламенттин депутаттыгына ат салыша тургандыгын айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: