УКМК инаугурация күнү бомба тууралуу маалымат үчүн кылмыш ишин козгоду. Буга Зилалиевдин эмне тиешеси бар?

Кылмыш иши инаугурация күнү президенттин кортежи өткөн жолдо бомба коюлгандыгы жөнүндө маалыматка байланыштуу. Маалымат жалган болуп чыгып, атайын кызмат кылмыш ишин козгогон — ыктымал маалымат берген киши Маммүлк фондусунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев болгон.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттык» үналгысына курган маегинде бомба тууралуу маалымат 24-ноябрда инаугурация күнү ИИМдин академиясынын курсантынан түшкөнүн айткан.

Курсант билдиргендей, бомба жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кортежи өтө турган Москва көчөсү менен Айтматов проспектисинде коюлган.

«Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантынын билдиргенине караганда, жардыруучу зат тууралуу маалымат берген адам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Зилалиев болуп чыгып жатат», — деди Сулайманов.

УКМК «Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Зилалиев өзү «24.kg» басылмасына курган маегинде ал инаугурация күнү коюлган бомба жөнүндө билдиргенин «карандай калп» деп атады.

«Биз чын эле жолдо кетип бара жатканбыз. Курсант кыздын бирөөсүнө эскерүү бергеним эсимде. Мен ага форма жараша тургандыгын, бирок кемчиликти жоюу керектигин айткам. Эгерде ал бул нерсеге капа болуп калса кечирим сурайм. Чындагында эле ал ошол үчүн эле бомба жөнүндө ойлоп таптыбы? Мен эскертме беришим керек болчу», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: