Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 13-декабрда Ташкенде Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу.
Жээнбековдун Ташкенге расмий сапары 13-14-декабрда өтүүдө. Ал Өзбекстанды «дос өлкөдөн стратегиялык өнөктөшкө айланып калды» деди. Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн элинин «тарыхы жана келечеги бир» деп айтты.