Чүй облусу: Аялын сабаган адамга 5000 сом штраф салынды

Сүрөт иллюстративдүү

Сокулук районундук соту аялын сабандагы үчүн 25 жаштагы адамга штраф салды. Ал колуктусу «үй чарбасындагы өз милдеттерин аткарбай жаткан» деп билдирген.

Сокулук райондук соту 2017-жылдын июнь айында өзүнүн колуктусун сабап салган Сокулуктун тургунун күнөөлүү деп тапты. Жаза катары ал 5000 сом өлчөмүндө штраф төлөп бериши керек.

Сокулуктун тургуну өз күнөөсүн мойнуна алып, колуктусун ал «үй чарбасындагы өз милдеттерин аткарбай жаткандыгы» үчүн сабап салганын айткан.

Ал аялын кол жана бут менен сабап, натыйжада ал баш мээсинин сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып жана бетинде көгала тактар калган.

Үй бүлөлүк зомбулук үчүн жазага тартуу

2017-жылдын апрелинде Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам долбоору укук коргоо органдарын ар бир үй бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүүгө көңүл буруп, андан жабыр тарткандарды коргоого милдеттендирген.

Кылмыш-Жаза кодекси боюнча аялына зомбулук көрсөткөн адам бир гана штраф төлөп кутулбастан, реалдуу абак мөөнөтүн алышы да мүмкүн болгон.

Аталган кодекстин 110-беренесине (уруп-сабоо) ылайык эреке киши үч айга камакка алынышы же ага 30 минималдык айлык акыга чейин айып пул салынышы мүмкүн эле.

Эгерде уруп-сабоо биринчи ирет болбосо, ал 111-берене (кыйноо) боюнча үч жылга чейин эркинен ажыратылышы керек.

Ден соолукка зыян келтирүүдө 112-беренеге ылайык (Саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү), ал үч айга чейин камакка алынып же ага 30 минималдык айлык акыдан баштап айып пул салынып, же жарым жылдан бир жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Кыргызстанда кайсы бир учурда турмуш курган ар бир төртүнчү аял, физикалык зомбулуктун курмандыгы болгон. Анын ичинен он сегиз пайызы сексуалдык жана эмоционалдык зомбулукка кабылган. Үй бүлөлүк зомбулук 98 пайыз учурда жолдошу же мурдагы күйөөсү тарабынан жасалат.


ТЕМА БОЮНЧА: