Атамбаев үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзам укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу ар бир билдирүү боюнча чара көрүп, анын курмандыктарын коргоого милдеттендирет.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзам парламентте быйыл 30-мартта эле кабыл алынган, ал эми аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча уюмдар ага кол коюуну өтүнүп кайрылуу кабыл алышкан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзамга 28-апрелде кол койду. Бул тууралуу гендердик маселелер боюнча эксперт Зульфия Көчөрбаева билдирди.

Мыйзамга кол коюлганын Kloop.kgнин кабарчыларына президенттик администрациядагылар да ырасташты.

Жаңы мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча азыркы жоболорду дээрлик толук кайра жазып чыгат. Милиция үйдөгү зомбулук тууралуу ар бир билдирүүгө чара көрүшү керек болот, ал эми арыз ээси зомбулуктан жабыркаган киши эле эмес, каалаган башка жаран болушу мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА:

Эгерде зомбулук далилденсе ага кабылган кишиге коргонуч ордери берилет. Ордер үч күн иштейт, бирок аны бир айга узартса болот. Ал жабыркаган адамдын денесине тийүүгө жана аны менен сүйлөшүүгө тыюу салат.

Ордер курмандыктын өзүн эле эмес, анын үй-бүлөсүн да коргойт.

Эгерде ордердин шарттары бузулса, зомбулукчу (зомбулук кылган үй-бүлө мүчөсү) административдик жоопкерчиликке тартылат, сотто болсо ордердин бузулушу жазаны оорлотуучу жагдай катары саналат.

Ордер алынгандан кийин психолог жабыркаган киши менен да, зомбулук кылган киши менен да иштейт.

Мыйзам жарандык никелерге, көп аялдуу үй-бүлөлөргө жана бирге жашоого мажбур болгон мурдагы жубайларга да тиешелүү болот. Мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук катары жабыркаган кишинин денесине эле зыян келтирүү эмес, ага психологиялык жана экономикалык кысым көрсөтүү да саналат.

Кыргызстандагы зомбулуктун масштабы

Кыргызстанда качандын бир никеде болгон ар бир төртүнчү аял жеке керт башына тийген зомбулуктун курмандыгы болгон. 18 пайызы жыныстык жана сезим жагынан зомбулукка туш болушкан.98 пайыз учурларда зомбулукту күйөөсү же мурдагы күйөөсү кылат.

ЮНИСЕФ менен Кыргызстандын билим берүү министрлигинин адистери тарабынан сурамжыланган 2000 баланын 70 пайызы таш боор мамилеге же үй-бүлөдөгү алардын муктаждыгын көз жаздымда калтырууга кабылганын айткан. Алардын ичинен жарымынан көбү өз дарегине кемсинтүүчү сөздөрдү угушкан. 38 пайызы психологиялык, дагы ошончосу дене боюна каршы зомбулукка кабылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: