Кыргызстандын түштүгүндөгү Сүлүктү шаары совет доорунда шахтачылардын шаарчасы болгон. Мурда ал Борбор Азияда көмүр өндүрүлгөн байыркы борборлордун бири эле. Бирок көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин шахталар өз жумушун токтотуп, жумушсуздук элдерди бул жерлерден кетүүгө мажбур кылган.
Материалдын түп нускасы «Азыркы учур» сайтында жарык көргөн. Макаланын автору — Екатерина Бучнева.
Кайсыл бир мезгилдерде бул жерде жылына миллиондогон тонна көмүр өндүрүлүп, ал темир жол аркылуу Кыргызстандын ар бир булуң бурчуна жеткирилип турган. Совет доорунда Сүлүктү шаары мурда аталып жүргөндөй «Москва камсыздосунда» болгон.
Көз карандысыкка жетишкенден кийин шахталар токтоп, жумушсуздук адамдарды өз шаарынан кетүүгө мажбур кылып, сатып алуучулардын жоктугунан улам алар үйлөрүн жөн гана таштап кетишкен.
Соңку беш-он жылда 40 шахтада жумуш кайрадан жанданган. Элдер шаарга кайтып келе башташкан, ошондуктан турак жайга муктаждык жаралган. Бирок ошол эле учурда кайсыл бир мезгилдерде кожоюндары таштап кеткен эки миңге жакын батир бош турууда. Аларды карап отуруп, бул жерлерде кайсыл бир учурларда адамдар жашаганын элестетүү кыйын.
«Мурда бул сапатту эле үйлөр болгон, адамдар жетишээрлик деңгээлде ыңгайлуу шарттарда жашашкан. Бирок Союз кулагандан кийин аларды таштап кетишип, батирлер ээн калган. Чатыр жана башка материалдарды уурдалып, андан соң Тажикстанга чыгарылып кеткен, бир сөз менен айтканда үйлөр жараксыз абалга келип калган», — деп баяндап берди Сүлүктү шаарынын тургуну Гайназар Карабаев.
Жаштар каралбай калган үйлөргө конууга аракет кыла башташаары менен алардын кожоюндары пайда боло баштайт. Ошондуктан жергиликтүү тургундар турак жай мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен чыгышууда.
Алар өз үйлөрүн таштап кеткен кожоюндардын кыймылсыз мүлккө болгон укугунан ажыратууну сунушташууда. Антпесе бул ээн турган үйлөр таптакыр эле жараксыз абалга кептелип калат.
«Бул үйлөрдү каражаттары бар ЖЧКларга (Жопкерчилиги четелген коомдорго) берүү керек. Алар оңдоп-түзөп ал жактарга өз шахтачыларын киргизип же жаш мугалимдерге ижарага бере алышат. Эгерде кимдир бирөө кайсыл бир батирди тартипке келтире баштаса эле, ага союз мезгилинде ээлик кылып жүргөн кожоюну пайда боло калып, чыгып кетүүнү талап кылышат. Бул маселени мыйзамдуу жолго салып, батирлерди муктаждарга берип баштоо керек», — деп эсептейт Карабаев.
Анын айтымында, ал жашап жаткан үйдө эки-үчтөн ашык эмес батирде адамдар жашайт, калгандары ээсиз турат. Мындан тышкары, кээ бир бош турган үйлөргө бул жерде дайыма жашап жаткан жергиликтүү тургундарга коркунуч жараткан уурулар менен кылмышкерлер келип конушууда.
Сүлүктүдө 500гө жакын мындай батирлер бар. Эгерде алардын ичинен 200гө чукулу муниципиалдык менчикте болсо, калган 300ү турак-жайга ээлик кылуу укугу бар адамдарга таандык. Ал эми жергиликтүү бийлик азырынча бул батирлерди эмне кылуу керек экенин билбейт.
«Учурда биз бул үйлөр боюнча маалыматтарды тактап жатабыз, — деди Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров. Эгерде адам өз үйүн таштап, башка жакка кеткени аныкталса үйдү муктаждарга беребиз. Бул маселинин үстүндө иштеп жатабыз. Оңдоп-түзөөгө өзүбүз каражат табабыз же үйгө конуп жаткандарга үйдү өзүлөрү тартипке келтирип алууларын сунуштайбыз».