Жеңишбек Исаков бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп калды

Жеңишбек Исаков

Премьер-министр Сапар Исаков Жеңишбек Исаковду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлык кызматына дайындады. Исаков бажы кызматынын башчысынын орун басарлык кызматында 2013-2014-жылдарга чейин иштеген.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Жеңишбек Исаковдун дайындалышы боюнча жарлыкка 18-декабрда кол койгон. Буга чейин Исаков бажы кызматынын башчысынын орун басарлык кызматын 2013-2014-жылдар аралыгында аркалап турган.

Жеңиш Исаковдун эмгек жолу 1995-жылы Аламүдүн РИИБинин ыкчам ыйгарым укуктуу кызматынан башталган. Ал аталган мекемеде эки жыл иштеген соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өтүп, ал жерде 2008-жылга чейин эмгектенген.

Кийинчерээк ал каржы полициясында иштеп, ошондой эле, «Манас» аэропортунун бажысынын начальниги болгон.

Аталган мекемедеги кадрдык өзгөртүүлөр премьер-министр Сапар Исаков бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду «өлкөнүн саясий жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка анын ишмердиги дал келбегендиги» үчүн кызматтан алууну буйругандан кийин 23-ноябрда башталган.

2016-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөө жүргүзүшүп, Матримовго Ош шаарында эки «Народный» супермаркети менен «Эрем» спорттук комплекси таандык экенин аныкташкан.

Ошондой эле, журналисттер Матраимовдун жакынкы туугандарына катталган үч хансарайды табышкан. Ош шаарынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу хансарай анын апасы Апиза Матраимовага катталган.

Мындан тышкары, «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдун уулу чет элдик курорттордогу кемелерде эс алып, 43 миң доллар (3 млн сомдон бир аз көбүүрөөк акча) турган саат тагынып жүргөнүн аныкташкан.

Ошол эле учурда журналисттер белгилешкендей, аткаминердин расмий кирешеси декларацияга ылайык, жылына 587 миң сомду түзөт, бирок ал 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батир менен «Лексус-GX460» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат.

Матраимовдун ордуна «Ош» бажысын жетектеген Нурлан Ражабалиевди дайындашкан.

Декабрдын башында премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалык кызматына Азамат Сулаймановдун ордуна Кубанычбек Кулматовду дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Кулматов бул кызматты 2010-2013-жылдар аралыгында жетектеген болчу.

«2010-2013-жылдары анын жетекчилиги алдында бажы кызматынын киреше бөлүгү эки жарым эседен көбүрөөк жогорулаган», — деп түшүндүргөн өкмөт башчы өзүнүн чечимин.


ТЕМА БОЮНЧА: