Ош: 13 жаштагы өспүрүм машина менен коюп кеткен наристе көз жумду

Сүрөт иллюстративдик

Оштун Араван районунда 8-класстын окуучусу короодон машинаны чыгарып жатып, бир жарым жашар кошуна баланы сүзүп алган. Бала Араван райондук бейтапканасында алган жараатынан көз жумду.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Жанна Сатарбаева «Клоопко» билдиргендей, окуя Араван районунда 19-декабрда түштөн кийин болгон. Сатарбаева 13 жаштагы өспүрүм автомобил менен коюп кеткен наристе бүгүн эртең менен көз жумганын айтты.

«Бала Араван райондук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алган жараатынан бүгүн эртең менен көз жумду», — деп билдирди Сатарбаева.

Учурда тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалып, Араван райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: