Бишкек: Үлпөт кортежиндеги «Лексус» патрулдук милиционерди сүзүп кетти

Lexus LX 470. Иллюстративдик сүрөт

Үйлөнүү үлпөт кортежиндеги «Лексус-LX470» үлгүсүндөгү автомобилдин айдоочусу Жеңиш паркынан алыс эмес жерде патрулдук милиционерди сүзгөн. Инспектор ооруканага жаткырылып, ал эми айдоочу изоляторго камалып, кылмыш иши козголду.

Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) инспекторун 17-декабрда саат 15:00дө Масалиев көчөсүндөгү Жеңиш паркынын кире беришинде сүзгөн.

Патрулчуну сүзгөндөн кийин милиционердин кесиптештери Бишкектин 7-кичи районунда изин жашырууга аракет кылган «Лексусту» кубалай башташып, бир нече убакыттан кийин айдоочу колго түшүрүлгөн.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын өкүлү Медер Шабданов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде унааны 19 жаштагы бала башкарып жүргөнүн билдирди.

«Ал атайылап сүзгөн. Ал убактылуу кармоо изоляторуна камалды. Патрулдук милициянын кызматкери №4 шаардык ооруканага жаткырылды», — деди Шабданов.

Анын айтымында, 19 жаштагы балага каршы «Бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Айдоочу беш жылга чейин эркиндигинен ажырашы мүмкүн.