Түрк полициясы тарабынан сабалган кыргызстандык аял мекенине кайтып келди

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Түркиянын Аланя шаарында эки полициячы тарабынан сабалган аял Кыргызстанга кайтып келди. Сабалып жаткан аял тартылган видео интернетте ушул жылдын октябрында пайда болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, токмоктолгон аял Стамбулдан Бишкекке 17-декабрда конгон. «Учурда ал бир туугандарынын жанында», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, элчилик жабырлануучу, анын Бишкектеги бир туугандары жана ошондой эле, аны дарылап жаткан врачтар менен дайыма байланышта болгон.

«Биз биринчи булактардан анын учурдагы абалы тууралуу кабардар болуп, анын мындан аркы үйүнө кайтып барышы максатында дарылануусунун аягына чыгышын күтүп жаттык», — деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматында.

Элчиликтен кыргызстандык аялды сабашкан эки полицияны жазалоо боюнча түрк полициясынын өкүлдөрү менен «иштешүүнү улантып» жатышканын кошумчалашты. Бул боюнча кийинки соттук отурум 2018-жылдын март айында өтөт.

Эскертүү: Видеодо зордук-зомбулук көрүнүшү бар. Зыян тийгизет деп эсептесеңиз, көрүү сунушталбайт.

Аялдын сабалып жатканы тартылган видео интернетте 2017-жылдын 4-октябрында пайда болгон. Видеодо полиция кызматкерлери жолдун ортосунда жаткан аялды чачынан сүйрөп, тепкилеп жана таяк менен чапкылап жатышканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк полиция кызматкерлери билдиришкендей, ал «укук коргоо органдарына жумуштарын аткарууга жолтоо болгон». Ошондон кийин кызды сабаган полиция кызматкерлеринин бирөөсүн камакка алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: