Ош шаарына Чокморовдун эстелиги орнотулат

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы

Ош шаарына актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги 2018-жылдын март айында орнотулат.

Сүймөнкүл Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов «Клоопко» билдиргендей, түштүк борборго орнотулчу актёрдун скульптурасынын 70 пайызы жасалып бүткөн.

«Эстеликтин үстүнөн Садыр Макеев жана Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин чыгармачылык тобу биргеликте иштеп жатышат. Учурда актёрдун скульптурасынын 70 пайызга жакыны жасалып калды», — деди Абдрахманов.

Абдрахмановдун айтымында, ушул күнгө чейин эстеликти жасоого фонд тарабынан жалпы 3,6 млн сом акча каражаты сарпталган. Эстелик Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү «Жеңиш» эс алуу багына орнотулат.

Скульптуранын курулушунун урматына «Жеңиш» багына 20-декабрда эскерүү тактасы коюлган. Бул эстелик Чокморовдун түштүккө коюлуп жаткан эң алгачкы скульптурасы.

Актёрдун Бишкектеги алгачкы эстелиги 9-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдына орнотулган. Кийинчерээк коомчулук, искусство адамдары эстеликте Чокморовдун элеси окшошкон эмес деп сындап чыгышкан.

Чокморов — мурдагы СССРде өзүнүн кесиптештеринин арасында — 1969, 1972, 1974 жана 1978-жылдары мыкты роль жараткандыгы үчүн Кинематографисттер союзунун дипломуна төрт жолу татыган актёр.

Ал 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Кыргызстанда 2006-жылы анын урматына почта маркасы чыгарылган, ал эми 2009-жылдан баштап анын сүрөтү 5000 миң сомдук купюрага түшүрүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: