Ош: Зордуктоо аракети боюнча акталган жаран «бейбаштык» беренесинде күнөөлүү деп табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун соту 11 жашар кызды зордуктоо аракети боюнча шаардык сотто акталган жаранды «бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу айыпталуучу жаза аткаруу жоопкерчилигинен бошотулду.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдиргендей, зордуктоо аракети боюнча шектелген 30 жаштагы жаранга карата чыгарылган Ош шаардык сотунун актоо өкүмү 19-декабрда жокко чыгарылган.

«Облустук сот күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүнө ылайык зордуктоо аракети боюнча акталган жаранды "бейбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучунун жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ал жаза аткаруу жоопкерчилигинен бошотулду», —  деди Осмонкулов.

Осмонкуловдун айтымында, күбөлөр өз көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү айыпталуучу жабырлануучуну тилдегенин билдиришкен. Он бир жаштагы кызга карата зордуктоо аракети жасалган эмес деп айтышкан.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова, жабырлануучу тарап Жогорку сотко даттануу арызын даярдап жатканын билдирди.

«Зордуктоо аракети болгон жерде күбөлөр болгон эмес. Кошуналары үстүртөн күбө катары кетип жатышат. Ошондуктан облустук соттун чечимин Жогорку сотко даттанууга даярдык көрүүдөбүз», — деди Абдурасулова.  

Шектүү киши Ош облусунун Ноокат районунун мурдагы акими Бекболот Айтиевдин жээни болот.

Ушул жылдын ноябрь айынын башында Ош шаардык соту 11 жашар кызды зордуктоо аракети боюнча айыпталган шектүүнү актап, аны сот залынан бошоткон.

Зордуктоо аракети

Ош облусунун Ноокат районунун Борбаш айылында жашаган аял өзүнүн 11 жашар кызынын зордуктоо аракетине туш болгонун 12-июнда билдирген.

Жабыркаган кыздын энеси ошол күнү алардын огородун суу басып кеткенин айтып берген. Анын эки кызы суунун агымын азайтыш үчүн каналга барган экен. Аларга ошол жерден 30 жаштагы кошунасы кол салган.

Кошунасы бычагын сууруп чыгып аялдын улуу кызын зордуктагысы келгенин айткан. Ал кызды буту менен жерге басып алган. Кичүү кызы ага таш ыргытып, кол салган эркек бычагын түшүрүп жибергенде кыздар качып кетүүгө үлгүргөн.

Жабыркаган кыз көптөгөн жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасында 10 күн жатып чыккан.

Ноокат районунун прокуратурасы 14-июнда кылмыш ишин козгоп, 30 жаштагы кишини колго түшүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА: