Ош: Өгөй кызын «зордуктады» деп айыпталган киши акталды

Сүрөт иллюстративдик

Ноокат районунун соту 14 жаштагы өгөй кызын «зордуктоо» фактысы боюнча айыпталган 46 жаштагы адамды актап өкүм чыгарды. Жабырлануучу тарап Ош облустук сотко даттанат.

Ноокат районунда жашаган 17 жаштагы кыз мындан үч жыл мурун «өгөй атасы тарабынан зордукталган». Бул тууралуу кыздын таежеси Бүжамал Шарабидинова «Клоопко» билдирди. Шарабидинованын айтымында, өгөй атасы тергөөнүн жүрүшүндө кызды зордуктаганын мойнуна алган.

«2014-жылдын 11-октябрынан баштап 2015-жылдын август айларына чейин эжемдин 14 жаштагы кызын өгөй атасы күч колдонуп зордуктаган. Анын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөдө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эле», — деди Шарабинова.

Ал ошондой эле «зордукталган» кыз 2016-жылы башка жигитке турмушка чыгып, учурда балалуу болуп жашап жатканын да айткан.

Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы ишти Ноокат райондук ИИБине өткөрүп берген.

Ноокат райондук прокуратурасы 2017-жылдын 18-июнунда 46 жаштагы жаранга карата 17 жаштагы өгөй кызын «өлтүрөм деп коркутуу менен зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонов Ноокат райондук соту далилдердин жетишсиздигине байланыштуу шектелген жаранды күнөөсүз деп чечим чыгарганын «Клоопко» ырастады.

«Б.М. аттуу шектүү 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын май айына чейин Орусияда болгондугу аныкталды. Ал эми жабырлануучу О. кызы Б. 2017-жылы жай айларында көз жарган. Жогорудагы жагдайдын негизинде жана башка бир далилдердин жоктугуна байланыштуу сот актоо чечимин чыгарды», — деди Осмонов.

Осмонов жабырлануучу Ноокат райондук сотунун өкүмүн Ош облустук сотуна даттанганын айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: