Сапар Исаков Ботаникалык бакчаны бир жылда калыбына келтирүүнү тапшырды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдарга экологдор менен биргеликте Ботаникалык бакчанын абалын бир жыл аралыгында калыбына келтирүүнү тапшырды. Жай айынын аягында бакчада сейрек кездешкен өсүмдүктөр өлүп, бир нече жолу өрт чыккан.

Исаков 25-декабрда экологдор менен жолугушууда «Ботаникалык бакча» «начар абалда» экенин билдирди. Өкмөт башчы бийлик бир жыл ичинде бакчаны калыбына келтире турганын жана ага өзү көз салаарын убада кылды.

«Биз муну бир жыл ичинде аткарышыбыз керек. Мамлекеттик органдар экологдор менен биргелешип иштешип, бир аптанын ичинде иш чаралардын планын иштеп чыгып, тигил же бул чараларды ишке ашыруунун чыгымдарын эсептеп чыгуулары керек», — деди Исаков.

Премьер-министр Бишкек мэриясына Ботаникалык бакчанын аймагынан күркөлөр менен дүкөндөрдү алууну буйруду. Ошондой эле, өкмөт башчы куурап калган чөптөр маселесин чечүүнү, тамчылатып суугаруу системасын орнотууну жана өрт кырсыгынын коопсуздугун камсыздоо керектигин айтты.

Ал өкмөт жакынкы убактарда бакчаны реконструкция кылууга жана өнүктүрүүгө инвестицияларды тарта баштаарын айтты.

«Ботаникалык бакча биздин борборубуз Бишкектин өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан биз анын инфраструктурасы менен материалдык-техникалык базасын жакшыртышыбыз керек. Бакчаны бир гана Борбор Азияда эмес бүткүл дүйнөдө ири илимий борбор катары илгерлетүү абдан маанилүү», — деди Исаков.

Сентябрдын ортосунда премьер-министр Ботаникалык бакчанын директору Медет Ахматовду бир нече жолу болгон өрт чыгуулардан улам кызматтан кетирген. Өкмөттө кургак чөптөрдү өз маалында сугарбай коюшканы өрт чыгууларга кептеген деп эсептешкен.

Бакчанын аймагында 2017-жылдын июль-август айларында жалпы аянтты 10дон 100 чарчы метрге чейин жеткен сегиз жолу жолу өрт чыгуу болгон.

Ботаникалык бакчанын кызматкерлери менен экологдор өрт чыгуулардын себептерине ветеринардык лаборатория куруу боюнча пландарга байланыштуу болушу мүмкүн деп шек санашкан. Бирок өрт чыгуулардын расмий себеби катары байкоосуз ыргытылган тамеки болгону айтылган.

Ошондой болсо да натыйжада Кыргызстандын бийлиги ветеринардык лабораторияны башка жерге курууну чечишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: