Ботаникалык бакчанын директору кызматтан кетти

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Ботаникалык бакчанын директорун кызматтан алды. Өкмөттөгүлөр бакчанын жетекчилиги өз убагында кургак өсүмдүктөрдү сугарып, кыркпай койгондугунан улам бакчада өрт чыккан деп эсептешет.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Медет Ахматовдун кызматтан кетүүсүнө Ботаникалык бакчанын аймагындагы бир катар өрт чыгуулар себеп белгон.

Маалыматка ылайык, бакчанын жетекчилиги өрт чыгуулардын алдын алуу үчүн тийиштүү чараларды көрбөй койгон.

«Чөптөрдүн өз убагында сугарылбагындыгы бакчанын аймагынын бат кургашына алып келген, кургап калган чөптөр менен өсүмдүктөр кыркылып жыйналган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттө бардык өрт чыгуулардын себеби жөө жүргүнчүлөр өтүп жатып кокустан өчүрүлбөй ыргытылган чылымдан улам болгон деп эсептешет.

Ал эми Ботаникалык бакчанын директору материалды чыгаруу маалында коментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калды.

Учурда Ботаникалык бакчаны калыбына келтирүү планы иштелип жатат, ошондой эле кире бериште күзөт күчөтүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында бакчанын аймагында сегиз жолу өрт чыккан. Өрт 10-100 квадрат метрди каптаган.

Ботаникалык бакчанын жетекчилиги менен экологдор өрт чыгуунун себеби атайылап өрттө болуп жатканынан шек санашкан.

Алардын пикиринде, өрт чыгуулар бакчанын аймагында ветлаборатория куруу планына байланыштуу болушу мүмкүн.

Өкмөт азырынча ветлаборатория кайсы жакка курулаарын чече элек, учурда аны куруу үчүн жер изделүүдө. Лаборатория курууга кытай инвесторлору жалпысынан 18 млн АКШ долларын бөлүшкөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө ветлаборатория куруу үчүн башка жер табууну кеңеш кылган. Анын айтымында, бакча Кыргызстандын «мурасы» жана мамлекеттин кайтаруусунда турат.

Бийлик Ботаникалык бакчанын аймагында бир нече жолу ветлаборатория курууну сунуштаган. 2011-жылы ал жакта Канаданын вирустарды изилдөөчү биологиялык лабораториясын курууну пландашкан. Бирок лаборатория курууга киришишкен эмес, анткени экологдор менен коомчулук ал демилгени катуу сынга алган.


ТЕМА БОЮНЧА: