Калың жааган кардан улам Чүй менен Талас облустарынын 10 району жарыксыз калды

Иллюстративдик сүрөт

«Түндүк электр» компаниясы билдиргендей, Чүй менен Талас облустарынын 10 районунда электр жарыгынын өчүшүнө калың жааган кар менен шамал себеп болгон. Анын кесепеттерин жоюу үчүн 128 көчмө бригада иш алып барууда.

«Түндүк электр» компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, айрым райондордо кардын оор болгондугунан бутактар электр зымдарына кулап, аларды үзүп кеткен.

Чүй облусунда Токмок, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва жана Панфилов райондору, ал эми Талас облусунда Манас жана Кара-Буура райондору жарыксыз калышкан.

Калың жааган кардын кесепеттерин жоюунун үстүндө электр кызматкерлеринин 128 көчмө бригадасы иштеп жатат. Жумушка бардык техника тартылган.