Иран: 20дан ашуун митингчи набыт болуп, жүздөгөн адамдар кармалды — алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Reuters

Иранда өкмөткө каршы митингдер уланууда — алты күн ичинде 20дан ашуун адам набыт болгон. Митингге чыккандар диний башкаруу формасына каршы болушуп, аятолла менен өлкө президентинин кызматтан кетүүлөрүн талап кылышууда. Бул үчүн кармалгандар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Иранда өлкөнүн ар кыл аймактарында миңдеген адамдардын катышуусундагы митингдер уланууда. Карышылык акциясынын курмандыктарынын саны өсүп, 20дан ашты. Курмандыктар митингчилердин жана полициянын ичинде дагы бар, бирок каршылкка чыккандардын арасында көбүрөөк.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматтарына ылайык, Иранда курман болгондордун саны абдан эле көп.

Эгерде набыт болгондордун саны 30дан ашса, анда бул 2009-жылы болгон Жашыл революциянын курмандыктарынын санынан ашып түшөт. Мындан тышкары, бул Иранда 2009-жылдан кийинки эң эле ири каршылык көрсөтүү кыймылы.

Жүздөгөн адам кармалып, бир эле Тегеранда кармалгандардын саны 450дөн ашты. Кармалгандардын көпчүлүгүнүн — 90 пайызынын — жаш курагы 25тен төмөн.

Тегерандын Революциялык сотунун башчысы Муса Газанфарабиди билдиргендей, аларды «катаал жаза» күтүүдө.

Ошондой эле, пикетчилер динге каршы чакырыктарды кыйкырышып, Хименеинин портреттерин өрттөшкөн, алар жөнөкөй жоопкерчиликтен өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн.

Каршылык акциясы 28-декабрда Мешхед шаарында азык-түлүктөрдүн баасынын жогору болгону үчүн башталган, ал эми кийинчерээк буга башка ири шаардагылар дагы кошулган.

Кийинчерээк каршылыкка чыккан кыймыл бир эле бааны түшүрүүнү, тышкы саясаттан алыстай туруп, өлкөнүн ички көйгөйлөрү менен алектенүүнү талап кылбастан саясий камалгандарды боштондукка чыгарууну, президент Рухани менен аятолла Хименеинин кызматтан кетүүсүн жана клерикалык башкарууну токтотууну талап кыла башташкан.

Президент Хасан Рухани Иранда чындыгында эле баалар менен коррупциянын деңгээли жогору экенин мойнуна алган, бирок ал өзү жана бийликтин башка мүчөлөрү митингдин себептерин кээ бир «чет элдик агенттерден» көрүшүүдө.

Рухани каршылык билдирүүлөрдү «чоң эмес азчылык» уюштурган деп эсептейт, ал эми Хименеинин пикиринде, митигдердин артында «өлкөнүн душмандары» турушат.  

Улуттук коопсуздук кеңешинин жогорку катчысы Али Шамханинин айтымында, каршылык акцияларынын артында Кошмо Штаттар, Улуу Британия жана Сауд Арабиясы турат.

Бийлик Телеграм менен Инстаграмга кирүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюп, андан тышкары, мобилдик интернетке чектөө киргизген. Коомдук тармактарда полиция менен пикетчилердин ортосундагы кагылыштар менен башаламандыктардын жана Ирандагы миңдеген адамдардын ортосундагы каршылык акциясы тартылган видео тасмалар бар, бирок видеонун бардыгы эле чындыкка коошпойт — көпчүлүгү 2017-жылы Иранда болгон каршылык билдирүү кыймылы башталганга чейин эле башка өлкөлөрдө тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: