Туманга байланыштуу Ошто аба каттамдары убактылуу токтотулду

Ош эл аралык аба майданы коюу туманга байланыштуу каттамдарды убактылуу токтотту. Учурда Бишкек — Ош каттамдары кармалып турат.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан «Клоопко» маалымдашкандай, учурда Оштогу аба майдандан учуу, конуу аракеттери убактылуу токтотулду.

«Азыр Ош аэропорту убактылуу жабык. Себеби таңкы саат 9да тумандан улам көрүү мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар болгондугу байкалган», — деп билдирди маалымат катчы Алия Курбанова.

Ал Бишкек — Ош багыты боюнча үч рейс токтотулуп, ал эми Москва — Ош багыты боюнча эртең мененки рейс «Манас» аэропортуна конууга мажбур болгонун кошумчалады.

Каттамдар туман тарап, көрүү мүмкүнчүлүгү жогорулашы менен калыбына келтирилет.


ТЕМА БОЮНЧА: