БШК: Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арыз берген эмес

Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришкендей, декабрдын аягында саясаттан кетип жатканы жөнүндө маалымдаган мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов азырынча депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз бере элек.

БШКнын шайлоо жана референдумдарды  өткөрүү боюнча төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, Бабанов азырынча мандатын тапшыруу боюнча арыз бере элек.

«Мыйзамдагы нормага ылайык Бабановдун өзүнөн арыз келип түшуүгө тийиш. Ошондон кийин БШК чечим кабыл алыш үчүн маселени карайт», - деди Бекматов.

Мурдараак 2017-жылдын 30-декабрында «Республика» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов «саясаттан толугу менен кетип», партиянын ишмердиги менен депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тартып жатканын билдирген.

«Менин командам жана колдоочуларым саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке өзүм жооптуумун», — деп жазган Бабанов кайрылуусунда.

Партиянын тизмеси боюнча Бабановдун ордуна тизмеде №73 орунда өтүп жаткан Абдыбек Дүйшөналиев келиши керек. Бирок азырынча фрациянын өзүндө Бабановдун ордун ким ээлей турганы боюнча комментарий берише элек.

Кыргызстандын президенттик шайлоосунда Бабанов бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун Башкы атаандашы болгон.

Бирок добуштарды эсөөптөөнүн жыйынтыктары менен Жээнбеков жеңишке жетишкен. Кийинчерээк шайлоодон кийин башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Ага Оштогу үгүт кампаниясы учурунда улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылган.

Кылмыш иши козголгон учурда Бабанов өлкөдө эмес болчу. Саясатчынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал дарыланыш үчүн Орусияга учуп кеткен.

Ноябрдын ортосунда Бабанов Кыргызстандын четинде болуп туруп, «Республика» фракциясынын лидерлик кызматынан баш тарткан. Партияны Руслан Казакбаев жетектей баштаган.

Декабрда «Республика» парламенттик фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кеткен, ал эми БШК төрайымдын орун басары Атыр Абрахматованы жумуштан четтеткен. Абдрахматова 2015-жылы аны оппозициялык «Республика» фракциясы сунуштагандан кийин БШКнын мүчөсү болуп калган.

Ошондой эле, сот декабрда Өмүрбек Бабновго байланыштыгы бар НТС телеканалынын мүлкүн камакка алууну токтом кылган. Саясатчы бул нерсени «рейдерлик басып алуу» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА: