Исаков ЖЭБге абаны булгоосун төмөндөтүүнү тапшырды

Бишкек ЖЭБи

Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүүнү тапшырды.

Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев менен жолугушууда билдиргендей, акыркы убактарда борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча «адилеттүү сындарды» айтышууда. Исаков экологиялык абалды өзгөртүү үчүн чараларды көрүү керек деп эсептейт.

Калиев Исаковго маалымдагандай, 2017-жылдын августунда аягына чыккан Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун алкагында түтүн газдарын тазалоочу эки жаңы блок курулган. Анын айтымында, бул система Бишкек ЖЭБи абаны булгоосун катуу бөлүкчөлөрдөн 99%га тазаласа, күкүрт кычкылынан 97%га дейре тазалайт.

«Тазалоо эки камералуу жана беш тазалоочу талаасы бар электрофильтрдин жардамы, ошондой эле өлкө боюнча аналогу жок түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутумдун эсебинен жүргүзүлөт», — деди ал.

Бирок Калиев эски үлгүдөгү буу казан агрегаттары үчүн абаны тазалоо боюнча кошумча тутумдарды иштеп чыгуу керек экенин кошумчалады.

«Улуттук энергетикалык холдингдегилердин» айтуусунда, абанын булгануусунун негизги себеби — жеке секторлордогу массалык көмүр жагуу болуп эсептелет.

Мурдараак Гидрометеорология боюнча агенттиктен билдиришкендей, соңку айларда Бишкектин абасында зыяндуу заттардын концентрациясы 2-3 эсе жогору болгону аныктаган.

Агенттикте абанын булгануусун авто унаалардын көптүгү менен байланыштырышкан. Анын маалыматына ылайык, Бишкек 40-45 миң автомобилге ылайыкталган, бирок учурда калаада 500 миңден ашуун машина бар.

Мындан тышкары, 2018-жылы Бишкек мэриясы атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын төмөндөтүү максатында газ менен иштеген автобустарды алат.


ТЕМА БОЮНЧА: