Сот жүргүнчү аялды зордуктагандардын жазасын күчөттү

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облустук соту жүргүнчү аялды батирге камап, зордуктаган үч жарандын экөөсүнүн жаза өтөө убактысын көбөйттү. Айып тагылгандардын биринин абак мөөнөтү 13 жылдан 15 жылга чейин, экинчиси 8 жылдан 10 жылга чейин узартылган.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Маркэл Болотов «Клоопко» билдиргендей, облустук сот аялды чачын кырып, зордуктагандардын жазасын күчөткөн.

Муну менен буга чейин Майлуу-Суу шаардык соттун чыгарган өкүм өзгөртүлгөн. Жаңы өкүмгө ылайык, айыпталган үч жарандын экөөсүнүн жаза аткаруу мөөнөттөрү узартылган.

«Жалал-Абад облустук соту Майлуу-Суу шаардык соту тарабынан зордуктоо фактысы боюнча 13 жылга кесилген жаранды 15 жылга кесүү чечимин чыгарды. Ал эми экинчи соттолуучунун 8 жылдык жаза мөөнөтүнө 2 жыл кошулду», — деди Болотов.

Айыпталып жаткан жарандарга «кишинин эркиндигин мыйзамсыз чектөө», «топтук бейбаштык» жана «алдын ала макулдашуу аркылуу топ болуп зордуктоо» деп аталган үч берене боюнча күнөө тагылган.

Алардын ичинен «кишинин эркиндигин мыйзамсыз чектөө» беренеси боюнча үчүнчү соттолуучунун кылмыш жасаганы далилденбей, анын 8 жылдык мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

Облустук соттун өкүмү 2017-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.

Жүргүнчү аялдын зордукталышы

Окуя 2017-жылдын 18-майында Майлуу-Суу шаарында болгон. Үч жаран такси күтүп турган 41 жаштагы аялды көздөгөн жерине жеткирип коёрун айтышкан. Аялды унаага чыгарып алышып, кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйгө алып келишкен.

Айыпталуучулар аялдын чачын кырып, күч колдонуп зордукташкан. Жабырлануучу бир жумадан соң үйдөн качып чыгып, укук коргоо органдарына арыз жазган.

Арыздын негизинде кылмыш иши ачылып, 2017-жылдын 26-майында Майлуу-Суунун 43 жаштагы, Көк-Таш айылынын 22 жаштагы жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургундары кармалган.

Сентябрь айында Майлуу-Суу шаардык соту шектелгендерди «кишинин эркиндигин мыйзамсыз чектөө», «топтук бейбаштык» жана «алдын ала макулдашуу аркылуу топ болуп зордуктоо» беренелери боюнча соттогон.


ТЕМА БОЮНЧА: