Жогорку Кеңештин депутаты Жамалдиновдун үйүнөн аңчылык куралдары уурдалды

Зиядин Жамалдинов. Сүрөт: Kenesh.kg

Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Оштун Ноокат районундагы үйүнөн эки аңчылык куралы уурдалды.

Жогорку Кеңештеги эл өкүлү Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районундагы үйүнөн аңчылык куралдары 4-январь күнү уурдалган. Уурулук фактысы депутаттын Жал айылындагы үйүндө болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» билдирди.

«Окуя 4-январь күнү катталган. Белгисиз бирөөлөр терезеден киришип, эки даана аңчылык куралын уурдап кетишкен», — деп билдирди Ош ОИИБнин маалымат кызматы.

Жамалдинов уурулук катталган Жал айылындагы үйүндө көптөн бери эч ким жашабай келгенин «Азаттык» үналгысына айткан.

«Шартка байланыштуу өзүмдүн туулган айылым Жалдагы үйдө убактылуу эч ким жашачу эмес. Кызыл-Кыяда жашаган агам 5-январь күнү барса, ууру эшикти бузуп кирип, ок атуучу эки куралды уурдап кетиптир», — деген депутат.

Ош облустук милициядан маалымдашкандай, Жамалдиновдун атына катталган аңчылык куралдардын уруксат кагаздары бар. Учурда уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: