«Чоро» каймана аттуу кримтөбөлдүн 20 жаштагы уулу 2013-жылдын аягында кылмыштуу топ түзгөн. Төрт жылдан кийин милиция бул уюшулган кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн колго түшүргөн.

Ички иштери министрлиги 10-июлда «Чоро» каймана аттуу кримтөбөлдүн баласы түзгөн уюшулган кылмыштуу топтун колго түшүрүлгөн беш мүчөсү боюнча отчет берди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган кылмыш тобу адам өлтүрүү, автомашинаны уурдап айдап кетүү жана инкассаторлорго кол салуу сыяктуу отуздай кылмыш иши бар.

Милициянын билдиришинче, аталган кылмыш тобу «өздөрүнүн кызыкчылыктарын жүргүзүү жана криминалдык көзөмөл орнотуу» үчүн ок атуучу курал-жарактарды сатып алып жатышкан. Ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөлөрү аларга керексиз адамдардын көзүн тазалоо боюнча шектелүүдө.

Крим төбөлдөргө кол салуу

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылдын май айынын башында аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Борбор Азия эл аралык университетинин жанында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү машинаны аткылап салышкан. Ок тийгенден улам жарадар болгон Токмок жана Чүй аймагы боюнча «смотрящий» крим төбөл ошол жерде каза болгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмыштуу топтун мүчөлөрү кол салууга алдын ала даярданышкан. Анткени алар башка машинанын мамлекеттик номерин уурдап кетип өздөрүнүкүнө тагып алышкан. Ал эми кылмышкерлер айдап жүргөн автоунаа дагы алдын ала уурдалган.

Өлүмгө алып келген кол салуудан кийин кылмыштуу топтун мүчөлөрү Токмоктогу мечитке намаз окуганы келген адамдын өмүрүнө кол салышып, натыйжада эки адам жарат алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кескилер башка крим төбөлгө кол салууну көздөшкөн.

Милиция алар жасалма номер тагып башка уурдалган автоунааны пайлаланышканын, тагыраак айтканда кылмышка даярданышканын аныктаган.

Инкассаторлорго кол салуу жана 10 миллион сом уурдоо

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2014-жылы күзүндө инкассатор машинасына кол салуу үчүн жасалма жол кырсыгын уюштурган.

Курал-жарак менен коркутуп, арам ойлуулар машинанын ичинен 10 миллион сомго жакын акча жана «Сайга» карабин куралын уурдап кетишкен.

Милиция бул кылмыш дагы алдын ала пландалганын ачыктаган.

Автоунааларды уурдоо жана курал-жарактарды сактоо

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү үч машинаны уурдоо жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлөнүп жатат.

Милиция уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн «Макаров» тапанчасын, «Калашников» автоматын, бет кап, кол кишенин, рация, жашыруун камера, машиналардын сигнализация кодун эсептегич, «тыңшагыч», брондолгон чыптама жана тепловизор табышкан.

Уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жети берене боюнча кылмыш иши козголду — «Адам өлтүрүү», «Мыйзамсыз ок атуучу куралдарын сактоо», «Мыйзамсыз атайын техникалык жабдыктарын сатып алуу», «Кылмыштуу тобун түзүү», «Автоунаа уурдоо» жана «Уурулук».

Уюшулган кылмыштуу топ башка дагы кылмыштар боюнча шектелүүдө.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: