«Эки жылга созулган курулуш». Эмне үчүн Ысык-Көлдөгү жол бүтпөй атат?

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жолдун курулушу үчүнчү жылга созулууда — аны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бүтүрүшмөк, бирок учурда Үчүнчү оюндар жакындап, 100 чакырым жолдун жарымы али курула элек. Кечигүүнүн себеби — өкмөт тарабынан каржылоонун жетишсиздиги.

Тыныбек Тургуналиев эки жылдан бери Ысык-Көлдүн түндүк жээгин айланып өткөн жолдун курулушу менен алек. Бул жолдун 100 чакырымы Балыкчы менен Корумдунун айылдарын байланыштырып, Ысык-Көлдүн туристтик сектору аркылуу өтөт.

Бул курулуш иштери үчүн Тургуналиев Нарындагы айылдан Көлгө көчүп келген.

Ошондой болсо да эки жыл эмгектегенден кийин курулуш иштеринен анын көңүлү калган. Соңку беш ай ичинде — декабрдын аягына чейин — аларга маяна төлөшкөн эмес, ал эми жумушчулардын көпчүлүгү ал сыяктуу эле өлкөнүн ар кайсы облустарынан көчүп келишкен.

Төлөмдөрдүн кечиктирилиши 2017-жылдын августунда башталган. Анда өкмөт жолдун курулушу менен алектенип жаткан кытайлык «Лонг Хай» компаниясына акча бөлүүнү токтоткон, ал эми компания өз кезегинде жумушчуларга маяналарды бербей калган.

«Кызым Славян университетинде 4-курса окуйт, ага жардам берүү керек. Төрт ай мурда мен кызымдын контрагына 100 миң сом насыя алгам. Жубайым жардам берип, менин ордума насыяны жапты. Аялым базарда иштейт, ошондуктан мага башкаларга караганда жеңилирээк болду», — дейт Тургуналиев.

Учурда ал башка курулушчулар менен «Лонг Хай» компаниясы жумушчулар үчүн ижарага алып берген батирде жашайт. Компания жумушчулардын тамак-ашын алып берип, камсыз кылат — «бул жагынан көйгөй жок» деп түшүндүрүүдө Тургуналиев.

«Болгону беш айдын маянасын ала элекпиз», — дейт ал.

Жол куруучулар «Лонг Хайдын» өкүлдөрү менен компаниянын Ысык-Көлдөгү кеңсесинде талашып-тартышып жатышат. 2017-жылдын сентябры.

100 чакырым жолдун эки жылга созулган курулушу

Жолду масштабдуу реконструкция кылуу 2015-жылы бул долбоордон Кыргызстандын «аймактарынын ортосунда байланыш мүмкүнчүлүгүн» көргөн мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен башталган.

Бул жолдун 100 чакырымын оңдоо — гранттык же насыя каражаттарга эмес, бюджеттин акчасына жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандагы жол куруу боюнча жалгыз ири долбоор.

Өкмөттүн баасына ылайык, жолду куруу үчүн Кыргызстан 6,8 млрд сом коротот — бул өлкөнүн ар бир жашоочусунун чөнтөгүндөгү дээрлик 1100 сомду түзөт.

Тендерди кытайлык «Лонг Хай» компаниясы жеңген. Бирок кийинчерээк парламенттик комиссия компаниянын лицензиясы жок болгонун жана башында аталган документи жок эле иштегенин аныктаган.

«"Лонг Хайдын" ал учурда Кыргызстандан дагы, эл аралык дагы лицензиясы жок болчу. Алардын жол жыртыктарын оңдоо үчүн Кытайдан алган лицензиясы бар болчу. Бирок кийинчерээк алар кайсы бир жактан керектүү лицензия алышкан», — дейт комиссиянын мүчөсү жана депутат Таабалды Тиллаев.

Баштапкы план боюнча Ысык-Көл жолун куруу 2016-жылдын сентябрында өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганга чейин бүтүшү керек болчу.  Сүрөт: «Лонг Хай»

Тендерди адилеттүү өткөрүүдөгү күмөн саноолор өкмөттүн ичинде талаш жаратып, премьер-министр Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ээлеген кызматтарынан кетүүсүнө алып келген. Эки аткаминер тең бири-бирин коррупция жана сүрөмөлөө боюнча айыпташкан.

Жол курулушун 2016-жылдагы туристтик сезон менен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейин даяр болушу үчүн бир жылдын ичинде бүтүрүүнү пландашкан.

Бирок андан бери эки жыл өттү. Сентябрда эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганы турат, ал эми эми жолдун жарымынан көбү курула элек.

Акча жок — курулуш жок

Учурда жол куруу иштери токтотулган.

Бул эки себептен болгон: биринчиси — суук аба ырайы, ал эми экинчиси — учурдагы премьер-министр Сапар Исаков мойнуна алгандай, жол куруу үчүн чындыгында эле акча жок.

Кыргызстандын бийлиги каржы маселесин «Мегаком» байланыш операторун сатуу аркылуу жабууну көздөп, бирок келишим үзгүлтүккө учураган.

Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башкы инженери Жумаш Соодонбаев жумуштун сапаты боюнча «Лонг Хайдын» өзүнө доомат жок деп айтты.

Анын айтымында, алгачкы учурда лицензиянын жоктугуна карабастан «компаниянын кубаттуулугу сезилүүдө» — ал Кыргызстанда жок техникаларды тарткан.

Жумаш Соодонбаев

«Иштей башташкандан бери алар саатына 320 тонна асфальтобетон чыгарган кубаттуу заводду жана саатына 280 тоннага жакын таш майдалоочу эки жабдыкты алып келишкен», — дейт Соодонбаев.

Анын айткандарына ылайык, келишим боюнча өкмөт төлөмдөрдү кечиктиргенине карабастан «Лонг Хай» курулуш иштерин улантышы керек.

Бирок компания өз каражатына узак мөөнөт иштей албайт — жол курууга кеткен бардык убакыт ичинде өкмөт «Лонг Хайга» 146 млн сом карыз болуп калган.

«Лонг Хайдын» башкы директору Сунь Чжэн Фу 2017-жылдын башында курулушта кечиктирүүлөр «Транспорт министрлигинин абийирсиз мамилесинен» улам пайда болгонун айткан.

«Кыйынчылыктар курулуштун баштапкы басыкычында эле өкмөттүн сурамы боюнча иштелип чыккан долбоордун документтеринде олуттуу каталар бар экени аныкталгандан кийин эле башталган», — деп айткан ошондо Сунь Чжен Фу.

«Лонг Хайдын» жетекчилиги материал жарык көрөөр алдында комментрийлерге жеткиликсиз болду.

«Бизге тамак-аш беришип, ал эми биз иштеп жаттык»

Кандай гана болбогону менен 2017-жылдын аягында жумушчуларга үч айдын маянасын төлөп беришти. Бирок бул андай күчтүү деле ишеним берген жок жана жумушчулардын көпчүлүгү дагы эле жумуштан кетүүнү каалашууда.

Жол куруучулар 2017-жылдын 26-декабрында «Лонг Хай» компаниясынын Ысык-Көлдөгү кеңсесинде маяналарды күтүп жатышат.

Айрым жол куруучулардын айтымында, алгачкы жолу аларга акча жок экенин жана жол 25 жылдын ичинде капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн айтышканда, алар долбоордун маанилүүлүгүн түшүнүп, абалды түшүнүү менен кабылдашкан.

Куруучу Руслан Жумабаев өкмөт акча таап, жолду салынышын үстүбүздөгү жылдын сентябрында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганга чейин бүтүрөт деп үмүт артууда.

«Төрт ай дем алыш күнү жок иштедик. Бизге тамак-аш беришип, биз иштеп жаттык. Биздин эч кандай дооматыбыз жок болчу. Биз өз үйүбүздөбүз да — Ысык-Көлдө», — дейт ал.

Бирок тамак-аш үчүн маянасы жок узак мөөнөт иштегенге бардыгы эле даяр эмес — үй-бүлөлөрүн багып, айлыктын кечиктирилишинен улам пайда болгон карыздарды төлөш керек.

Дагы бир куруучу Бекболот Кадыралиев жумушту таштап кеткиси келет. Анткени айлыктын кечигиши колуктусу менен төрт баласын камсыздоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ал үй-бүлөсүндө жалгыз иштеп, акча табат.

Бекболот Кадыралиев

«Эртең менен берип жатышкан тамакка ыраазы болосуң. Эртең мененки саат 7де жумушка барып, камакка түшүп калгандай болуп, кечки саат 7ге чейин иштейсиң. Үйгө келесиң, уктайсың анан кайрадан эле баары башталат. Күн сайын ошол эле нерсе», — дейт ал.

Үч айдын маянасын алган куруучуларга караганда ижарага бергендер азыркыга чейин эч кандай төлөмдөрдү алыша элек. Алар «Лонг Хай» колдонот деп техника жана жумушчулар үчүн турак жай өткөрүп беришкен. Аларга январдын ортосунда акча берүүнү убада кылышууда.

«Меники "спринтер". Мен жумушчуларды жеткирем. Бизге, ижара берүүчүлөргө төлөмдөрдү күтүп турууну суранып жатышат. Биз өз машиналарабызда баарын жасайбыз, эгерде бирдеке бузулса жардам беришпейт, бирок келишимде башкача жазылган», — деп арызданууда Исмаил Абдрахманов.

Транспорт министрлигиндеги Жумаш Соодонбаев үмүт үзбөөгө аракет кылып, жол «деги эле болбогондо 2019-жылга чейин» бүткөрүлөт деп ишендирип, бирок дароо эле «бардыгы каржылоодон көз каранды» деп кошумчалоодо. Каржылоо качан башталаары белгисиз.

«Элде мындай деп айтылат: "Эгерде жумуш баштасаң, ал кайсы бир убакта аягына чыгат, эгерде баштабай койсоң, анда ал ошол бойдон тура берет". Балким, ушул принциптен улам курулушту башташкандыр», — деп божомолдоду ал.